Тарыхтан сабак алуу

Көптөгөн жылдар мурда Москва мамлекеттик театрынын дубалдарында капыстан жерпайынан шыбына чейин созулган жаракалар пайда болду. Ар күнү саны көбөйүп турган бул жаракалар имарат үчүн чоң коркунуч пайда кылган экен. Сахнада ар кайсыл театралдык оюн болуп жаткан учурда имараттын кулап, көптөгөн көрүүчүлөрдү басып калуу коркунучу жаралган.Бул балакеттин болуусунан кабатырланган адистер көптөгөн архитектор жана инженерлерди чакырышып, жаракалардын себептерин изилдеп табууну каалашты. Күттүрбөстөн тиешелүү жумуштарын баштаган адистер биринчи иши катары имаратты бардык жагынан изилдеп чыгышты. Андан кийин имараттын бир канча жерин ачып көрүштү. Москванын бул чөгө баштаган укмуштай тарыхый имаратынын жерпайы жыгачтан жасалгандыгын көрүшүп, абдан таң калышты.

Кезегинде мамлекеттик театрды кура башташканда жердин бошоң экендигинен улам калың жыгач казыктар кагылып, алардын үстүнө кенен таш дубалдар курулган.

Курулуп жаткан кезде бул жерпай жетиштүү деңгээлде бышык деп эсептелип, «көптөгөн жылдар бою чыдайт» деген тыянак чыгарылган. Айтылгандай эле чынында театр имараты ушул абалы менен көптөгөн жылдар бою тик туруп берди. Анткен менен, жылдар бири-бирин кубалап өткөн сайын убакыт да өз таасирин көрсөтүп, жерпайда турган тактай казыктар чирий баштады. Албетте казыктардын чириши менен бирге имараттын жерпайы да кыйшайып, дубалдарда жанагы жаракалар пайда болушу күчөй берди.

Мындай жаракалардын пайда болушунун себептерин тапкан инженерлер кулап түшүү коркунучу менен бетме-бет калган бул тарыхый имаратты кантип куткарууга болоорун ойлоно башташты. Натыйжада анын жолун да табышты. Бул мындайча болду. Бурчтарынан баштап имараттын алды чукулуп, чирип калган такта-казыктарынын ордуна гранит таштарын коюу аркылуу толугу менен фундаментти жаңылоого жетишишти. Ушул жол менен мамлекеттик театрдын бул эски имараты инженерлердин иш билги оңдоолорунун натыйжасында кулоо коркунучунан оолактап, куттуу имарат абалкы бекемдигине ээ болду.

Өлкөлөрдүн тарыхы жана улуттардын өмүрү да Москва мамлекеттик театрынын таштан жасалган ушул имаратына окшойт. Мамлекеттик иреттин биринчи коюлган жерпайы, улутту башкаруунун эски усулдары ошол кездер үчүн жетиштүү көрүнгөн болушу мүмкүн. Бирок өткөн жылдар менен бирге шарттардын жана муктаждыктардын өзгөрүүгө учуроосунан да кача албашыбыз анык. Ушул себеп менен курулуп жаткан кезде жетерлик деп көрүлгөн негиздер, эски усул-ыкмалар бүгүнкү күндө алсыз жана жеткиликсиз болуп калышы мүмкүн.

«Жаңы коомдор өздөрү менен бирге жаңы ырларды алып келет» деген белгилүү бир макал бар. Адам баласы ар дайым өзгөрүүгө дуушар болот жана токтобостон жаңыланып турат. Жаңыланган ар бир жаңы муун өзү менен бирге жаңы терминдер, тилектер, муктаждыктар, каалоолор жана арзууларды алып келет.

Жаңы муундарга аябай эскирип кеткен, муктаждыктарга жооп бербеген, убактысы өтүп кеткен башкаруу системалары, усулдары таңууланып колдонула бербеши керек.

Алар үчүн өздөрү жашап жаткан мезгилдин талаптарына жараша дагы жаңыраак, дагы акылга сыярлык, дагы да адилеттүү, дагы да бекем фундаменттерге таянган башкаруу усулдары колдонулушу абзел. Акылы терең, күчтүү башкаруучуларга Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы ээ болгон өлкөлөрдө бул иштер азыркы күндө ушундай нукта аткарылып жатат. Мындай өлкөлөрдө калктын эң жакшы түрдө башкарылуусу үчүн силкинүүлөргө жана кыйроолорго мүмкүнчүлүк берилбей, дагы да көп билим жана дагы да көпмыкты пикир өнүктүрүлүп, ары жакшы, ары адилеттүү жолдорго багыт алышат.

Өкүнүчтүүсү, кээ бир өлкөлөрдүн башчылары дагы деле тез арада эл башкаруунун усулу менен билим берүү системасынын оңолуп өнүгүшү зарыл экендигин түшүнүшпөйт же түшүнгүлөрү келбейт.

Өлкөнүн денесинин ал жакбул жагында жаракалар пайда болуп, система чөгө баштаган. Кейиштүү жагы өлкөнүн дубалдарында барган сайын кеңейип жана чуңкурайып бараткан жаракаларга маани да берилбей, көңүл кош мамиле жасалууда.

Мындан улам сырттан караганда абдан бышык жана күчтүү көрүнгөн мамлекеттик курулуштардын капыстан эбегейсиз жарылып кетүүлөрүнө жана андан да бетер болуп кулап түшүүлөрүнө эч качан таң калбоо керек. Анткени, бул ачуу натыйжа өтүп бараткан мезгил менен бирге өзүн алмаштырып жаңылабаган улуттардын, өлкөлөрдүн качып кутула алгыс акыбети. Персия ушинтип кулаган. Ушул сыяктуу эле үч континентке 600 жыл бою бийлик кылган Осмон өлкөсү да, Австрия императору да өздөрүн жаңылай албай калгандыктары үчүн өмүрү бүткөн. Улуу Орус империясынын кулоосу, Бисмарктар менен Вилгелмдердин Германиясынын жок болуусу дагы дал ушул себеп аркылуу амалга ашкан.

Эл оозундагы сөздөргө караганда бир кезде заалым бир өкүмдардын хан сарайынын дубалында от менен жазылган ушундай бир сүйлөм көрүнгөн: «Мане текел фарес!»Ошол кездерде бул сүйлөмдүн маанисин эч ким түшүнгөн эмес дешет. Кийинчерээк Даниал Неби деген киши бул от менен жазылган жазуунун маанисин мына мындай түшүндүрүп берген экен:

-Бул жазуулар коркунучтуу бир нерсенин болооруна ишараты. Эски өлкө жашоо күчүн жана кубатын жоготту. Качып кутулууга мүмкүн болбогон бир түрдө жок болууга мажбур.

Байыркы римдиктердин улуу императорлугу, Альба өкүмдарынын Испаниядагы салтанаты, Луи XVтин Франциядагы өкүмдарлыгы, Романовдордун Орусиясы, Хохенцоллерлердин Германиясы, Хабсбургдардын Австриясы да бирдей коркунучтуу натыйжа менен бетме-бет келишти. Тарых алар үчүн да: «Мане текел фарес!» өкүмүн берди.

Бул ачуу акыйкаттар тууралуу терең маани берип ойлонуңуздар! Эч качан курт-кумурскадай өзүңүздөрдүн кичинекей маанисиз иштериңиздердин, дарттарыңыздардын жана маселелериңиздердин ылай-баткагына батып, чөгүп кетпеңиздер. Тескерисинче, өлкөнүн негизги түзүлүшүнүн жаңылануусун, чириген бөлүктөрүнүн оңдолуусун, улутка эң жакшы түрдө билим берилүүсүн өзгөчө ойлонуңуздар!..

Сиздер ичинде жашап бир бүтүндү түзгөн улут жана өлкөнүн түбөлүктүүлүгү үчүн аң-сезимиңиздер аркылуу мезгилден жогору көтөрүлүп, жаңы горизонтторго, жаңы-жаңы максаттарга багыт алыңыздар!

Тарых бир тараптан кээ бир улуттардын жана өлкөлөрдүн ачуу жана коркунучтуу кулап жок болууларын кара беттерине жазып жатканда, экинчи тараптан болсо өнүгүү жана алдыга умтулууларын жазуу үчүн жаркыраган аппак беттерин ачат. Мына бул нерсе унутулбасын, жаркыраган беттерде жаркырап туруу да, кара беттердин караңгылыгына чөгүү да жеке инсандардын аракетчилдигинен жана аракетсиздиктеринен улам болот.

Тарых адам коомун бир короо кой болуудан чыгарып, алардын же мээнеткеч кумурска ордосуна же бал жасаган аарылардын коомуна айлануусуна көп жолу күбө болгон. Албетте кээ биринин арасында миллиондогон инсандын өнөрпозго айлануу чараларын, өлкөнүн түзүмдөрүн кандайча күчтөндүрүүгө мүмкүн экендигин, калкка кантип эң жакшы түрдө билим берилүүсүн бизге көрсөтүп турат…

Тарых өткөн чактын күзгүсү десек болот. Бул күзгүгө жакшы карангандар өздөрүн туура байкап, ката-кемчиликтерин көрүп, алардан сабак алышат. Келечектин жаркын болушуна ишеничтүү кадамдар менен бет алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Андай болсо, бир колунда тарых жарыгы, экинчи колунда келечек сүйүүсү болгон улуттар гана дайыма өнүгүүгө татык-туу талапкер.

\»Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы\» китебинен

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}