Тарыхты ичине каткан — Лувр

Музей 1793-жылы 8-ноябрда музей катары колдонууга берилген. Имараты эски падышалык чеп-сарай болуп эсептелет. Сарай 1190-жылы падыша Филипп-Август тарабынан тургузулган. Максаты викингдердин (Европанындеңиздериндекаракчылыккылганскандинавиялыктар) кол салуусунан коргонуу болгон. 1317-жылы падышалык казына чеп-сарайга алынып келинет.Ошондон кийин Карл V чеп-сарайды падышалык резиденцияга айлантат. Андан кийин бийликке келген өлкөнүн өкүмдарлары Луврды улам түзөп, кеңейтип, кооздоп жүрүп отурушат. XVIII кылымда Луврды музейге айланту сунуштары түшөт. Музейдин долбоору Людовик XV башкарып турган кезде түзүлө баштап, Француз революциясы менен кошо аяктайт.

Тарыхты ичине каткан - Лувр

Революция кезинде Лувр Наполеондун резиденциясына айланып, ал Луврдын бир капталына курулуш курдурган. 1871-жылы Париж коммунасын курчоого алуу кезинде Луврдын эң эски бөлүгү өрттөнүп кетет. Калыпка келтирүү иштери жүргүзүлгөн соң Лувр азыркы көрүнүшкө ээ болгон.

Тарыхты ичине каткан - Лувр

Музей түзүлгөн кезде падышалык коллекциянын саны 2500дү түзгөн. Акырындап музейге революция кезинде конфискацияланган падышалык коллекция коюлуп, мезгилдин өтүшү менен экспонаттардын саны өскөн.

Музейде 300 000 экспонат болсо, залга 35 000гана коюлат. Калган экспонаттар 3 ай көрүүчүлөргө сунушталгандан соң атайын жайларда сактоого коюлат. Бул жарыктан улам сүрөттөгү боёктор өчпөшү жана буюмдардын бузулган жерлери болсо, калыбына келтирүү үчүн камкордук.

Тарыхты ичине каткан - Лувр

Экспонаттар төмөндөгүдөй коллекцияларга бөлүнөт: БайыркыЧыгыш, Байыркы Египет, Байыркы Греция, Ислам искусствосу, айкелдер, искусство буюмдары, көркөмсүрөтискусствосу, графикалык искусство, тематикалык экспозиция, хронологиялык экспозиция.

Лувр дагы белгилүү экспонаттардын катарына Леонардо да Винчинин “Жоконда” (“Мона Лиза”) баш болгон көптөгөн чыгармалары, Рембрандттын, Рафаэлдин сүрөттөрү, Хаммурапинин (Вавилониянынпадышасы) мыйзамдар жыйнагы жана башкалар кирет.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}