Таш рабат кербен сарайы

Асман мелжиген тоолордун койнундагы Таш-Рабат кылымдарды карытса да, аны ким качан, эмне максатта курганын эч ким билбейт. Орто кылымдарда Борбордук Азияда курулган архитектуралык эстеликтердин арасынан Нарын облусунда жайгашкан айтылуу Таш-Рабат тарыхый комплекси эң уникалдуу мурастардын катарына кирет. Себеби, Таш-Рабатка окшош чоң, архитектуралык курулуш ыкмасы татаал эстелик бүтүндөй Азия аймагында жок. Жалаң жалпак таштардан салынгандыктан ал Таш-Рабат аталып бүгүнкү күндө дүйнө элинин туристтерин кызыктырган уникалдуу жайга айланган. Таш-Рабат деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте, Нарын облусунун Ат-Башы районунун борборунан 80 километр алыстыкта, Тянь-Шань тоолорунун арасындагы Кара-Коюм капчыгайында жайгашкан.

Таш рабат кербен сарайы

Таш-Рабаттын пайда болуусу жөнүндө оозеки уламыштар айтылып жүрөт алардын биринде ошол жерде бир хан жашаптыр. Анын эки баласы болгон экен. Күндөрдүн биринде хан өзүнүн байлыгын хандыгын балдарынын кимисине калтыраарын билбей «балдарым экөөң элдин жакшы жашоосу үчүн бир жакшы иш жасагыла, кимиңердин жасаган ишиңер жакшы болсо ошого хандыкты берем” деп тапшырма берет. Балдарынын улуусу эл жакшы жашаш үчүн душмандан коргогон чеп керек деп Таш-Рабатты, Оштун жанына бир чеп куруптур, кичүү уулу болсо, элдин кат-сабатын жойгонго, жерди иштетүүгө, соода жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл буруптур. Хан кичүү уулунун бул эмгегин баалап хандыкты ага берет. Ал эми Таш-Рабатты курдурган баласынын эмгеги анчейин бааланбаган дешет.

Таш рабат кербен сарайы

Көк, жашыл, кызгылтым түстөгү жалпак таштан салынган Таш-Рабат жөнүндө биринчи жолу XVI кылымдын экинчи жарымында автор Мухаммед Хайдар эскерет. Эстеликти ал 1408-1416-жылдарда Могулстанды башкарган Мухаммед-Хан курган деп эсептейт. Казактын көрүнүктүү илимпозу Ч. Валиханов Кашкардан кербен менен келатып, 1859-жылы Таш-Рабатты көрүп өткөн. Анын эмгегинде эстелик жөнүндө мындай деген жери бар: «Имарат чополуу сланец жалпак плита таштардан курулган, узундугу 12, туурасы 7 саржанча келет. Узун коридорду улай тегерек зал (радиусу 5 кез), үстү айдөш тоголок болуп кетет. Коридордун капталдарында кичинекей жана жапыз эшиктери бар, алардан чарчы жана сүйрүлжүн чакан бөлмөлөргө өтөт. Бул имарат бир кезде сыртынан да, ичинен да шыбалса керек».

Таш рабат кербен сарайы

Курулуш дээрлик чарчы келип, тараптарынын узундугу 32,4 жана 34,8 м. Эстеликтин төрт тарабы дүйнө багытын каратып салынган. Маңдайкы бети чыгышты карайт. Имарат тоо бетиндеги жасалма аянтка курулган. Пайдубалы уюлма топурак катмарга кирип турат, тереңдиги 0,2-2 м. Бүт бет маңдайын, дарбаза-эшик түркүктөрүн кыдырата таш тектирче өтөт, анын туурасы 0,65 -0,85 м, бийиктиги 0,6-0,8 м. Чоң коридорунун эки жаккы четинде, ортоңку залынын төрт дубалын кыдырата, ошондой эле башка имараттары менен коридорлорунун бир топ жеринде да таш тектирче бар. Чоң коридору менен залынын астына ири-ири жука таш төшөлгөн, калган имараттары менен коридорлорунун асты жер.Имараттагы бөлмөлөрдүн ичинен 9-бөлмө бөтөнчөлөнүп турат. Ал тегерек чатырлуу имарат. 20-бөлмөнүн өлчөмү ушул убакка чейинки белгилүү өлчөмдөн кыйла ашыктык кылат, ага ортоңку залдан 19-бөлмөнү аралап кирет. Эстеликтин планы менен өлчөмүндөгү ушундай туура келбестиктер анын башка бөлүктөрүнө да мүнөздүү келет.

Таш рабат кербен сарайы

Кыргызстандагы орто кылымдык кол өнөрчүлүк эстеликтеринен сакталып калган Бурана мунарасы, Өзгөндөгү архитектуралык комплекс, Шах-Фазиль мавзолейи жана Манас күмбөзү сыяктуу курулуш эстеликтеринин ичинен Таш-Рабат кербен сарайына өзгөчө орун таандык.

Таш рабат кербен сарайы

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}