Тайм менеджмент-убакытты туура бөлүштүрүү маданияты

Сааттын жебеси бардык жерде бирдей айланат. Эч убакта күчтүүлөрдүн, байлардын убактысы карапайым элдикинен көп болбойт. Адистердин айтымында, шашып жүрүү, белгиленген убакытта ишин бүтпөй калуу адамды депрессияга алып келет. Ал эми убакытты туура пайдалануу ийгиликке жетелейт.

1. АТКАРА ТУРГАН ИШТЕРДИ АЛДЫН АЛА ПЛАНДА

Жумуштарды маанилүү, өтө деле маанилүү эмес деп топторго бөлүп ал. Мүмкүн болсо маанилүү иштерди түшкө чейинки убакытка жылдыр. Анткени эртең менен адамда энергия мол болот. Ар бир жасай турган ишиңе конкреттүү бир убакытты белгилөөнү унутпа.

2. УБАКЫТТЫ УТТУРА ТУРГАН НЕРСЕЛЕРДЕН КАЧ

Учурда көпчүлүктүн интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал жакта азгырма нерселер көп экени баарыбызга маалым. Андыктан бул нерсеге чек коё бил. Бир сайттан экинчисине өтүп \»саякаттоодон\» кач. Билинбегени менен бул нерсе көп убакытты алат.

3. КАЛЕНДАРЬ АР ДАЙЫМ ЖАНЫҢДА БОЛСУН


Календарга маанилүү даталарды белгилеп, көрүнүктүү жерге илип кой. Маселен, туулган күндөр, мааракелер. Белгиленген нерсени күн сайын көрүп турсаң, ага убакыт табууга аракет кыласың. Кийин убагы келгенде алапайыңды таппай шашып калбайсың.

4. БҮГҮНКҮНҮ ЭРТЕҢКИГЕ КАЛТЫРБА

Бүгүнкү 1 саатың эртеңки 2 саатыңа тете экенин эсиңе түй. Анткени күнүмдүк жашоодо бул өтө маанилүү. Бүгүн аткара турган ишти эртеңкиге калтырсаң, кийинки күнгө ашыкча жүк кошулат. Жумуштун көптүгүн билген мээ өзүнөн-өзү чарчайт.

5. ТЫКАН, ЖЫЙНАКТУУ БОЛ

Чынында бардык буюмдарың тыкан, өз-өз ордунда турса, издеп убакыт коротпойсуң, тынчсызданып бушайман болбойсуң. Колдон келсе алган нерсеңди дароо ордуна коюп, тыкан болууну адатка айлант. Бардык нерсеңди тыкан кармасаң, жашооң да бир топ жеңилдейт.

6. ДЕН СООЛУГУҢА КАМ КӨР

Өзүңдү жаман сезип, чарчап-чаалыгып турсаң сөзсүз эс ал. Буга маани бербей иштөөнү уланта берсең \»уйдан же уй байлаган жиптен жок\» абалга келип калышың ыктымал. Анткени чарчап турганда жасаган жумушуң талапка жооп бербейт. Ушинтип жүрө берсең чарчоо өнөкөткө айланат.

7. КӨҢҮЛҮҢӨ ЖАКПАГАН ЖУМУШТУ ЖАСАБАЙ ЭЛЕ КОЙ

Моюнунан байлаган иттей болуп өзүңө жакпаган жумушту ыкшоо тартып жасабай эле койгонуң туура. Биринчиден убактың текке кетет, экинчиден жагымсыз иштен нервиң чыңалат, үчүнчүдөн жумуш ойдогудай жасалбайт.

8. «ЖОК» ДЕП АЙТКАНДЫ ҮЙРӨН

Кыргызда эмне көп? Той, аш. Убакытты үнөмдөп, керектүү учурларга гана пайдалангың келсе, «жок» сөзүн айтканга үйрөн. Бул сөздү айтуу менен жакындардын, тааныштардын көңүлүн оорутуп алам десең, алгач «жок» деп айтып туруп, анан себептерин түшүндүр.

9. ЖАРДАМГА ЧАКЫР

Бир топ ишти бир убакта башыңа үйүп алба. \»Бир баш жакшы, эки баш андан артык\» дегендей, эгер өзүңдүн күчүң же убактың жетишпей бара жатса жакындарыңды жардамга чакыруудан тартынба. Өз убагында бүткөн иштин жемиши жакшы болорун эске ал.

10. ЭРТЕРЭЭК ЖАТУУГА АРАКЕТТЕН

Адам күч топтошу, эмоциялык абалынын жакшырышы, мээси жакшы иштеши үчүн уйкусун кандыруусу керек. Бул нерсе пландалган жумуштарды чарчабай бүтүрүүгө өбөлгө түзөт. Уйкуга жетиштүү убакыт бөлсөк, үйрөнүү жөндөмүбүз да жакшырат.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}