Түбөлүккө кыйышкыс дос

Сен үчүн жалын отко жанымды таштайм деген досторду көрдүм, бирок жалын оттор көп эле болду… Ошол достор жандарын ала качты. Жанымда калса, тээ качантан бери кайталанып окула берген китептер калды. Качан болбосун мени алаксыткан кыйышкыс достор ар дайым текчеде турган китептер экен дедим, акыры. Алар менен акыретке чейин антташкан досмун деп төш кагышып, ант ичишкен эмесмин, бирок түбөлүккө кыйышкыс досторго айландык. Мен дайыма алардын чаңын сүртүп, анан жымжырт бурчту тандап алып, мурда окулган китеп экенине карабай окуй бергенден жадабайм. А досмун деп бажактаган нечен түрдүү достор менен масилеттешкенден бат жадайм да, бат чарчайм. Мени жадатпас чаң баскан текчедеги досторум менен керек убакта үн чыгарбай сүйлөшөм да, үн чыгарбай алардын айткан акыл-кеңешин угам.Мен сагынсам, дайыма үнсүз, тилсиз досторумду сагынам. Китептин артынан китеп кууп окугандардын көңдөйлүгү эмнеде?.. Биз көп учурда китепти бир сыйра гана окуган үчүн, мазмунуна терең түшүнбөйбүз. Жакшы китептерди кайра-кайра окугандан өтөрү жок. Эгер китепти кайталап окуганга көнсөң, сен мурда окуган китептерге жөн гана көз жүгүрткөн окурман экениңди билесиң. Эгер мурда окуган китебиңди кайра окуп чыксаң, сен анын жакшы же жаман экенин гана баамдайсың. Кайталап окулган китепти дагы кайталап окусаң, сенин да китеп жазгың келет.

Адамдын ким экенин анын кызыккан китебинен байкоого болот. С. Смайлс

Жакшы китеп автор тарабынан адамзаттын тукумуна калтырылган — мурас. А. Адиссон

Китепсиз дүйнө — жапайылардын дүйнөсү. Н. А. Морозов

Китепти ойлобой окугандык, тамакты сиңирбей ичкенге тете. Э. Борк

Олжобай Шакир, Шоокум

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}