Телефон менен сүйлөшүү маданияты

Маданияттуу болуу ар дайым модада болуп келген. Телефондо сүйлөшүү маданияты боюнча жалпы эрежелерди биле жүрүңүз:

  • Эгер тааныш эмес номерге чалсаңыз \»бул ким?\» деп сураган туура эмес. Мындай собол угуп жаткан адамга жагымсыз болот. Андан көрө \»Мен кимге чалып жатам?\» деп сураганыңыз дурус болот;
  • Телефон чырылдаганда 3-4 чакыруудан кийин дароо жооп берүү керек. 6-7 жолу чырылдаганда албаса, ал бошобой жатат деп билсеңиз болот;
  • Бирөөгө телефон чалганда \»мен ким менен сүйлөшүп жатам?\», — деп, суроо берүү туура эмес. Анын ордуна учурашып, \»мен сизди угуп жатам\», — десеңиз, өзүңүздүн сылыктыгыңызды билдиресиз;
  • Сиз байланышчу адам менен сөз баштай электе алгач анын сүйлөшүүгө убактысы бар же жок экенин сурап алыңыз. Жумуштагы телефонго коңгуроо келсе, ага алгач өзүңүздү тааныштырыңыз. Кызмат учурунда телефондон кыска жана так сүйлөшүү керек. Себеби, ушул убакта башкалар маанилүү сөз менен күтүп калышы мүмкүн;
  • Телефондон орой сөз уксаңыз, ага сиз эч качан оройлук менен жооп кайтарбаңыз. Бул сиздин тигинден өйдө турганыңызды далилдейт;
  • Шарт боюнча эртең мененки тогузга чейин жана 22:00дөн кийин коңгуроо кылуу ылайыксыз. Бул учурда сиз чалган адамдын тынчын алып коюшуңуз ыктымал;
  • Үч мүнөт сүйлөшүүдөн кийин адамдын сөз кабыл алуусу төмөндөй баштайт. Ошондуктан баарлашуу беш мүнөттөн ашпаганы жакшы;

    Кызыктуу маалыматтар:
    Окумуштуулардын айтымында, телефон аркылуу сүйлөшүүдө маалыматтын 40 пайызын адамдын үнү, тембри жана интонациясы жеткирет.

    Эксперттердин эсебине ылайык, бизнесмендер 50 пайыз жумушун телефон аркылуу бүтүрүшөт.

    Сиздин телефондон сүйлөшүүңүздүн арты менен маданиятыңыз бааланып, ал эле эмес сиз иштеген ишкананын аброюна да таасири тиет. Андыктан телефондон туура сүйлөшүү көпчүлүк фирмалардын имиджинин негизги маңызың түзөт.

    Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
  • Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}