Тибетте, балага эч качан кол көтөрбөйт

Бала тарбиялоодо тибеттиктердин да ыкмаларында кызыктар көп. Тибет тоо кыркаларында өскөн балдар мыкты болоору анык. Алардын негизги өзгөчөлүгү тартиптүү жана ыкчам, чыдамкай. Анда тибеттиктер кандай тарбия берет көңүл бөлөлү.Эч качан баланы урбоо керек деген түшүнүктө жашаган тибеттиктер, ата энеден запкы көргөн бала, кийин өзүн коргой албайт калат, ошондуктан аларга кол көтөрүү туура эмес дешет

Бирок, тибетте күчтүү, улуу адамга баш ийүү керектигин үйрөтүшөт. 5 жашка чейин балага ханга мамиле кылгандай эле болушат. Эгер туура эмес иш кылса, аны каардуу көз караш менен карап коюу шарт же үндү бийик көтөрүп түшүндүрүү керек.

5 жаштан 10 жашка чейин баланы кул катары кабылдашат. Бирок, анда да туура эмес кылыктар үчүн баланы эч ким урбайт. Бул аралыкта интеллект өсөт. Ушул учурда гана бала кандай иш кылса, адамдардан кандай кайтарым болоорун билип алышы кажет. Бул жаш өлчөмдө тарбиядан сырткары билимди да жакшы кабылдашат балдар деген тибеттиктер, баланы тынымсыз окутушат.

10 жаштан 15 жашка чейин бала менен тең тайлаша ойлонуп, дос болуу сунушталат. Ага бир аз эркиндик берип, чечимдерди өзүнө гана чыгартуу керек. Бирок, ашынып баратса, туура жол көрсөтүп, бул иштин аягы кандай бүтөөрүн жакшылап түшүндүрүп коюшат.

15 жаш. Баланы тарбиялоодо кечигип калган убак. Мындан ары тибеттиктер эч нерсе кылуу мүмкүн эмес деп билишет. Кандай тарбия берсең, бала эми ошондой адам болот деген ишеним күч.

Тибеттиктер бул эрежелерди сактабаган убакта кандай болоорун да аныктап чыгышкан. Эгер баланы 5 жашка чейин хандай кылып тарбиялабаса, кийин ал коркок болуп калат. 5 жаштан кийин да эркелей берсе, жалкоо болуп өсөт жана рухий жактан жакыр бала болот. Ал эми рухий дүйнөнүн жакырланышы тибеттиктер үчүн трагедия.

10 жаштан кийин да ага баладай мамиле жасоо, аны чечкинсиз кылат. Ал досторунун таасири менен гана жашай алат. Жаман адаттарга тез берилет.

15 жаштан кийин аны сыйлабай коюу, баланы жоготуп алуу дегенди билдирет. Тибеттик балдар. Ата-энесинен сый көрбөсө, үйдөн кетип калат деген түшүнүк бар.

Мына дүйнөдөгү эки башка элдин бала тарбиялоо ыкмалары. Кайсынысы кыргызга жакыныраак аныктоо кыйын. Бирок, эки элдин жакшы жактарын сиӊирип, колдонуу жакшыраактай.

Жазгүл Кенжетаева. Эркин Тоо.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}