Тигүүчү

Университетке өтүп алгачкы сабагымдан чыгып бараткан элем. Башкалардыкынан сындуу жаңы кийимдеримди кийип баргам. Сабактан чыгып, шашыла үйгө жөнөдүм. Жолдо баратып дарактын тамырына чалынып жыгылдым. Шашыла туруп күүнө баштадым. Аңгыча шымымдын тизеси жыртылып калганын көрдүм. Колум да жерге сүрүлгөндүктөн канап жатты. Эртеси шымымды тиктирүү үчүн тигүүчүгө бардым.Ал шымымды карагыча болгон окуяны саймедиреп, колумдун да тытылган жерин көрсөткөнгө жетиштим. Анан тигүүчү, эки күндөн кийин даяр боло турганын билдирди. Иштерим көп болгондуктан, тигүүчүгө бир жумадан кийин бардым. Шымымды бүтүрүп койгон экен. Алып берип жатып, өзгөчө шым экен, мени аябай кыйнады, акчасын үстүнө жазып койдум деди. Карызымды көргөндө мага кымбат сезилди: Ашыкча эмеспи, анын үстүнө тигилген жерлери да билинип калыптыр дедим. Тигүүчү бираз ачууланып, уулум кырк жылдан бери тигүүчү болуп иштейм, эгер менден жакшы тиккенин тапсаң сенден бир сом албайм деп жооп берди. Улгайып калган адамдын ачуусуна тийгим келбеди. Унчукпай чөнтөгүмдөн акчамы алып, санап жатып, баягы тытылган жеримде эч кандай так калбаганын байкадым. Оюма бир нерсе кылт дей түштү, тигүүчүгө сизден мыктысын таптым деп кыйкырдым! Колумду ага көргөзүп, мен сизге жыгылганымды айтып берип жатканда колумду көргөзгөн элем, шымым менен бирге колум да тытылган эле. Эми карачы, баягы тытылган жерде из калыптырбы?,- деп суроолу тиктедим. Улгайган адам, титиреген үнү менен, туура айтасың уулум. Өмүр бою бул иш менен алектенсем да, кантип Ал Чебер Затты тааныбадым экен деди. Ошентип, шымымды бекер тиктиргениме бираз сүйүнсөм, Жаратуучунун Чебердигин көргөнүмө андан да кубанып бараттым. Кийин да бул тигүүчүгө көп жолу келдим. Кырк жылдан кийин бир Устат таптым деп мага жылмайып калчу…

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}