Тил үйрөнүүнү жеңилдеткен 5 ыкма

Учурда тил үйрөнүү, эне тилин билүү менен бирге бир же бир канча чет тилди да билүү маанилүү болуп калды. Антени, күн санап өзгөргөн жашоо- турмуш шарттары, иш табуу мүмкүнчүлүгү, иш ээлеринин же фирманын талаптары ал жерде иштегиси келгендерден адистигинен башка да, компьютерди колдоно алуу менен бирге бир канча тил билүүсүн шарттайт. Бара бара ааламдашуу процессинде башка тилди билбей туруп, ишинде толук ийгиликтүү болуу мүмкүн эместей сезилет. Ошондуктан кайсы бир чет тилди үйрөнөм десеңиз төмөнкү 5 ыкмага көңүл буруңуз

Биринчи жак (грам.)

Тилачар (разговоник) колдонуу. Мында сиз, биринчи жактын атынан сүйлөп жатып көмүскө (подсознание) акылыңызда сөздөрдүн системасын түзөсүз да, ассациациянын негизинде эске жакшы сактап каласыз. Көңүл буруңуз: Ар бир темага 2, 3 күн убакыт бересиз.

30 сөз

Ар күнү алфавит иртети боюнча 30 сөз жаттайсыз. Биринчи күнү жалаң “А” тамгасынан башталган сөздөрдү жаттасаңыз, кийинки күнү “Б” тамгасы менен башталган сөздөр, эми ушинтип олтуруп ирет бүткөндө кайра “А” тамгасынан баштайсыз. Көңүл буруңуз: 5 сөз этиш болот.

Лирика

Үйрөнүп жаткан тилдеги ырларды котормосу менен кошо жаттоо. Мында сиз туура, так сүйлөгөндү үйрөнөсүз. Ушул метод менен 3 ай ичинде англис тилин толук үйрөнгөндөр болгон.

Жалпылап угуу

Чет тилиндеги кандайдыр бир текстти же ырды угууда ар бир сөздү эмес жалпы ритмди угууга аракет кылыңыз. Анткени оюңузду бир сөзгө буруп жатып, сөздөрдүн байланышын жоготуп алышыңыз мүмкүн. Эгерде байкасаңыз чет өлкөгө барган жаш бала, ал өлкөнүн тилинин угуп жүрүп эле болуп көрбөгөндөй деңгээлде үйрөнүп алат. Анткени алар эч качан ар бир сөзгө өзүнчө кулак салбайт. Кулагына илингенин гана угат жана эсине сактайт.

Көңүл буруңуз: Көп угууга аракет кылыңыз. Тилдин ыргагын табыңыз жана андагы ар бир сөзгө токтолуп майда-чүйдөсүнө кирбеңиз. Кайра кайра кайталап угуп, дайыма кайталанган сөздөрдү жаттаңыз.

Жаш бала болуңуз!

Эгерде байкасаңыз, тили жаңыдан тили чыгып келе жаткан бала айланада эмнени көрсө, баарын тилге салганга аракет кылат. Сиз да ушул методду колдонуңуз, эч нерсени билбегендей баардык нерсени ошол тилде жаңыдан үйрөнүңүз. Негизги сөздөрдү өздөштүргөндөн кийин гана грамматикасын өздөштүрүү жеңилдейт.

Көңүл буруңуз: Ар күнү тил үчүн 30 мүнөт убакыт бөлүңүз. Баскан турган жерде (туура же туура эмес экенине карабай) ошол тилде сүйлөңүз. Сөздөрдү тематикаларга бөлуп алыңыз (Транспорт, жаныбарлар, өсүмдүктөр ж.б.).

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}