Тиш тууралуу эмне билесиз?

Көпчүлүгүбүз тиштин кызматы тамакты чайноо деп гана түшүнөбүз. Бирок, адам организми үчүн тиштин мындан башка да толгон-токой кызматы жана пайдасы бар. Мисалы: тиш адамга сулуулук берип турат. Өзүңүздү тиши жок элестетип көрүңүзчү? А тиши жок күлгөнүңүздү элестеттиңиз беле?Байкаган болсоңуз тиштин организм үчүн кызматы ат көтөргүс. Төмөндө адамдын тиши тууралуу кызыктар:-Адамдын тишине эң алгачкылардан болуп ысым берген Гиппократ деп айтышат. Ал баланын тиши сүттөн чыгат деп эсептегендиктен “сүт тиш” деп атаган.

-Шоколаддын курамындагы какао тишке курт түшүүсүнө бөгөт болот. Бирок ошол эле шоколаддагы шекер тескерисинче курт түшүүсүнө жардамчы болот.

-Жапондордун баамында, тишти күнүнө үч ирет тазалоо артыкча салмактан арылууга көмөкчү болот.

-Тиш үчүн эң кооптуу спорт-хоккей. Хокейчилердин 68 пайызы, өмүрүндө бир жолу болсо да муз үстүндө тишин жоготкон.

-Денедеги калцийдин 99 пайызы тиште.

-Өткөн кылымдын 60-жылдарындагы изилдөө боюнча, тиш щеткасынын 3000 түрлүү үлгүсү ойлоп табылган.

-Род-Айленд штатынын(АКШ) мыйзамы боюнча ишемби күнү дүкөндөрдө тиш щетка сатууга тыюу салынган.

-Петр I боярлардын тишин суу чүпөрөккө борду ороп алып тазалаткан.

-Вермонт штатынын(АКШ) мыйзамына ылайык аял киши жолдошунун кат түрүндөгү уруксаты жок кийме тиш кийе албайт.

-Керек болсо Кытайда “Өз тишибизге болгон сүйүү” деген майрам да бар. Ал ар жылдын 20-сентябрында белгиленет.

-Тиш-адам организминдеги кайра калыбына келбей турган жалгыз орган. Бир жолу сүт тиш түшөт ордуна башка тиш чыгат, ал тишиңиз түшсө ордуна башка чыкпасы анык. А бирок пилдерде алты жолу тиши түшсө алты жолу кайра ордуна башка тиш чыгат экен.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}