Өткөн жылы дизайнерлер жараткан мыкты табылгалар

Дизайнерлер тарабынан ойлоп табылган буюмдар жашообузду жеңилдетип, ыңгайлуулукту тартуулап келет. Жыл сайын алардын чыгармачылыктары өзгөчө идеялардагы нерселерди жаратып, адамдарды таң калтырат. Бул жылы да бул адамдардын колунан кандай буюмдар жаралганына чогуу көз салсак.

Аталар үчүн ээр

SaddleBaby — атасынын моюнунда олтурууну жактырган жаш балдар үчүн ыңгайлуу буюм. Ал эми аталар бөбөктөрүн олтургузуп алып, колдору бошоп, башка жумуш жасай алат.

Өткөн жылы дизайнерлер жараткан мыкты табылгалар
Сфера-ванна

Бул ажайып ванна адамдардын сезимдерин бирде сууда жүргөндөй, бирде асман менен жерде учкандай абалга алып келет. Эффективдүү ваннаны Санкт-Петербургдук дизайнер Александр Жуковский ойлоп чыккан.

Өткөн жылы дизайнерлер жараткан мыкты табылгалар
Эскертүүчү сааттар

Айтылуу буюмду ойлоп тапкандар адамдарды токтотуп, учурду убагында билип, баалоого үйрөтөрүн айтышат. Жебе жана сандар болсо, убакыттын тез өтүп жатканын айтып, адамдарды шаштыра берет.

Өткөн жылы дизайнерлер жараткан мыкты табылгалар
Оймо-чиймелүү үбөлүк

Тамак жасоону жактырган айымдар үчүн өзгөчө буюм. Бул үбөлүктөр менен түрдүү чиймелүү таттууларды жасоого мүмкүн. Vatek компаниясы тарабынан жасалып чыккан.

Өткөн жылы дизайнерлер жараткан мыкты табылгалар
Жаздыктар менен согушуу үчүн

Дизайнер Брайан Ку жаздык менен согушуп ойноону жактыргандар үчүн атайын согуш куралдарындай формадагы жаздыктарды жасап чыкты. Граната, ай балта, найза жана башка түрдөгү жаздыктарды магазиндерден табууга болот.

Өткөн жылы дизайнерлер жараткан мыкты табылгалар

Таңчолпон Бакытбек кызы. Cаресеп.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}