Топ

Кичинекей бала суунун жээгинде деңиз тарапты көпкө тиктеп турду. Балким бир нече саат болгон. Баланын бир нерсе күтүп жатканына көзү түшкөн карыя жанына басып келип \»Саламатсыңбы балам, деңиз абдан кооз экенби?\»-деп сурайт. Бала деңизди тиктеген калыбында \»Бирок шамал катуу болуп атат, тобум сууга түшүп кетти\»-дейт. Карыя анын жанына отуруп \»Эгер жаш болсом сүзүп барып алып чыгат элем, азыр алым келбейт\»-деп сооротот. Кичинекей бала жооп бербестен, улам узактап бараткан тобун карап турду. Карыя \»Эч качан үмүтүңдү үзбө, тилек кылсаң баары жакшы болот\»-дейт. Бала кубанган абалында \»тилек кылсам тобум келеби\»-деп сурайт. Карыя \»Жараткан кааласа келет\». Кичинекей бала карыянын сөзүн бираз ойлонгондон кийин ичинен тилек кылып, артынан тобу кайра келиши үчүн Жараткандан жардам сурайт.Кечке жуук шамал бираз токтоп, баланын чыдамы кете баштайт. Улгайган адам ар дайым бир балыкчыдан соода кылчу. Акыры ал балыкчы да келип калат. Карыя андан, балык жакшы түшкөндүр, эгер балык болсо алат элем деп сурайт. Балыкчы көңүлсүз гана ансыз деле ушунча балык кармадым деп, баштыктын түбүндөгү балыкты көрсөтөт. Экөөнүн маегин карап турган бала, балыкчыдан тилек кылдыңыз беле деп сурайт. Балыкчы \»Тилексиз балык кармап болмок беле\»-деп жооп берет. Бүгүн эле үйрөнгөн сөзүн кайталап \»Тилек кылган болсоңуз, албетте, Жараткан кааласа тилегиңиз кабыыл болот\»- дейт. Муну уккан балыкчы, бул сөздү жаңы үйрөндүм, андан да кызыгы кичинекей мугалимден деп баланын мурдун чоюп коёт. Кайыктын ичинен жүктөрүн алып түшүп жатып, ичиндеги топту балага ыргытты. Мугалимдердин акысы кымбат болот деп, топту деңизден таап алганын айтат. Кичинекей бала түш көрүп жатам деп ойлоду, эки жагын кайра-кайра карап, өңү экенине ишенди. Тобун карап, эч качан мени таштап кетпе, тилек кылбасам эмне болот эле деп кучактаган боюнча үйүнө кайтты…

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}