Тойбогон карек

Калк үчүн кан-жанын берүүгө даяр болгон падыша жан-жөөкөрлөрү менен бир күнү балык уулоого барат. Көл жээгинде бир бечаранын кайырмак салып олтурганын көргөн падыша ага боору ооруйт.— Эй букарам, менин бүгүн жомарттыгым кармап турат. Биз кайткыча кайырмагыңа эмне илешсе, ошонун оордугунча алтын берем, – дейт падыша каткыра.

Керели-кечке кудайга жалынганына карабай жанакы жардынын кайырмагына эч нерсе илинбейт. Падыша кайтар мезгилде гана тегерек сөөк илинет. Журт башынын кеби эки болот беле. Жан-жөөкөрлөр менен биргеликте жакыр да хансарайга келет.Тараза алынып келинет. Сөөк бир жагына коюлат. Экинчи жагына алтын салына баштайт. Бир, эки, он, элүү, жүз, эки жүз килограмм алтын коюлса да таразанын наркы тарабы былк этпейт. Мында бир сыр бар дейт сарайдагылар. Хандын буйругу менен бүт даанышмандар, акылмандар, олуялар чогултулат. Сөөктүн сырын эч кимис таба албай эстери оойт.

Акыры алыскы-алыскы айылдан келген бир даанышман сөз сурайт табышмактын сырын чечкени. Ал:

– Падышам, бул сөөктүн эч кандай деле сыры жок. Болгону бул сөөк эч нерсеге тойбогон, сук адамдын карегинин сөөгү экен. Бул нерсе топуракка гана тоет. Таразынын бир жагына бир ууч гана топурак салдыртыңыз, ошондо иш ордуна келет, — дейт.

Даанышмандын айтканы аткарылат. Тойбогон карек менен бир ууч топурак тең келет.

Анын сыңарындай, калк кызматын кылган жетекчилер, журт жүгүн көтөргөн депутаттар, имамдар, айыл башчылар, жөнөкөй жарандар арасында да тойбогон каректер көбөйгөндөн көбөйүп барат. Бирок, бир күнү баарыбыздын каректерибиз бир ууч топуракка тоет, ушун унутпасак.

Нуркамил Абдуллаев

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}