Түш тууралуу кызыктуу фактылар

Адам баласы өмүрүнүн тең жарымын түш көрүү менен өткөрөт. Окмуштуулар байыртадан бери адамдын бул абалын изилдеген сайын улам жаңы нерселер чыгып турат.Түш көрүү ар түрдүү образда болуп, адамдар бирде ыйлап, бирде күлөт. Бирок, мединцина кызматкерлеринин илимий аныктамалары да бар. Мына алардын кээ бирлери:1. Адам түш көрүп жатканда денеси дээрлик шал сыяктуу кыймылдабай калат. Бул мээнин элестетүүсү кайталанбашы үчүн жасалган табигый нерсе. Бул функция эс алуу үчүн жана ар кандай жарат алуудан коргонуу үчүн жасалат.

2. Көмүскө туюм уктап жаткан кишинин реалдуу каалоолорун элестетет. Бул айрыкча ачкачылык, суусагандык сыяктуу муктаждыктар убагында ачык байкалат.

3. Көптөгөн изилдөөлөр мурдагы тамеки тарткандар чындыкка жакын жана ачык түштөр көрөөрү аныкталган. Алар айрыкча түштөрүндө никотиндин даамын татып, бир топ канааттануу алышат.

4. Түш жоруу бир кыйла татаал тапшырма. Бул кайсы бир абалга жараша бир нерселердин четин чыгарат. Мээ биздин коркунучубузду жана шек санообузга таасир этип, ар кандай картиналарды тарта баштайт. Аларды өзүңөрдүн жүрүш турушуңарды же жашоо образыңыздарды кайрадан карап чыгууга берилген бир белги катары карабаш керек.

5. Кийинки кызыктуу факт түстүү түштөр тууралуу. Түркүн түстөгү түштөр – бул баарында боло турган окуя эмес. Дүйнө калкынын 15% ак-кара түштөрдү көрөт. Бирок, көпчүлүктө абал окшош эле. Эрежеге ылыйык баардыгы өлүм, жыгылуу, өзгөчө абалдар же үйлөнүү үлпөттөрүн бирдей көрүшөт.

6. Кээде адамдар ойгонуп кетип,түштөрүндөгү таттуу кыялдарында бейтааныш бирөөнү көргөнүн айтышат. Чындыгында биз качандыр бир көргөн кишилерди гана көрөбүз. Болгону сиз ал жөнүндө унутуп калгансыз, ал эми мээ болсо ошол образды сактап калып, көргөзө берет.

7. Кээде түшүбүзгө чындап эле гениалдуу ойлор келет. Болгону биз түшүбүздүн 10% гана эстеп калабыз. Калгандары түп-орду менен жоголот. Уктоо жериңизге калем, барак алып жатууңуз керек. Башкача айтканда, келген гениалдуу маалыматтарды жазып алуу зарыл.

8. Туубаса азиз төрөлгөн адамдар картиналарды көрө алышпайт. Бирок, түшүндө жыттарды сезип, үндөрдү угушат. Бул ачылууну психологдор изилдешкен. Алар миңдеген азиз адамдардан иликтөө жүргүзүшкөн. Мээ эмнени көрсө, ошону тартат. Болгону тең салмактуулук жана түстөр алмашат. Ошондуктан ири жөргөмүштөр жана аялдар сыя түстө болушат.

9. Түш тууралуу эң кызыктуу фактылардын бири, жан жаныбарлар да түш көрүшөт.

10. Адам коңурук тартып жатканда түш көрбөйт.

11. Түштөрдө чыныгы турмушка караганда сезим жана туюму бир кыйла күчтүү болот

12. Эң узун түш көрүү рекордун швед Каролине Ольсон койгон. Ал 1876-жылы 14 жашында мектептен келатып башына бир нерсе тийген. Бир канча күндөн кийин уктап калган кызды электр тогу менен дагы ойгото албай койгон. Уктап жаткан кызын энеси 1908-жылга чейин түтүк менен азыктандырып карап жаткан. Андан кийин ал каза болгондон кийин коңшусу караган.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}