Түшүнүк

Бир инженер жумушка жаңы орношуп, чогулуштан чыгаары менен “тү-үй ата” деген боюнча бөлмөсүнө жүгүрүп кетет. Бөлмөсүнө кирип ичинен илип алат. Бир убакта жумуштагылар, инженерге бир нерсе болгонун сөз кыла башташат. Ал отурган жерде бир гезит турган болот. Гезитте доллардын курсу түшкөндүгү, биржаларда акциялар арзандаганы тууралуу маалыматтар болот.Бириси анын окуган гезитин карап, биржа бүгүн болуп көрбөгөндөй түшүптүр десе, дагы бири, акциясынан да зыян көрсө керек…кече эле долларын алмаштырды эле…чет өлкөдөгү акцияларынан миллиондогон зыян көргөн болсо керек… ал кечетен бери көңүлү чөгүп жүрөт, болду болбоду жубайы менен урушкан… Балким өз жанын кыйып жүрбөсүн…сыяктуу сөздөр айтылат. Бардыгы өз пикирин айтып жаткан учурда, директор бөлмөнүн ичинен мылтыктын үнү чыга электе жетишип калалы дейт. Директордун бул сөзүнөн кийин компанияда иштегендердин баары инженердин эшигине чогулду. Директор, жумушчулардын баарын тынчтандырып, инженер мырза деп үн салды. Өзүңө жамандык кыла көрбө, өзүң билесиң бул дүйнө сыноо дүйнөсү, ансыз да бир күнү өлөбүз деп жатты.

Инженердин бөлмөсү өзүнчө болгондуктан, башка жагынан чыгып кетүүсү мүмкүн эмес эле. Аңгыча журналисттердин кулагына да кабар жетип, камераларын даярдап келип калышат. Бир убакта инженер эшикти ачып чыга келет. Сыртты карап түшүнө албай, аз калса дигер намазын өткөрүп алмак экенмин дейт!

Адамдар бул дүйнөдө өз түшүнүктөрүнө карап жашагандыктан, ар бир окуяга ар башка баа берет тура!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}