“Түштү чындыкка айлантам десең- ойгон”.

Мухаммед Али бокс тарыхындагы эң улуу мушкерлердин бири, дүйнөдөгү эң таанымал кишилердин катарында туруп, атактуулуктун туу чокусунда турса да адамдык асыл сапаттарын сактап, башына келген тагдырга баш ийип, колун жайып отуруп калбай, илдет менен алпурушуп аны жеңүүгө далалат кылып келет.Бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Кассиус Клей ислам динин кабыл алып, өзүн Мухаммед Али деп атаган.
Олимпиада чемпиону (1960), профессионалдар арасында 3 жолку Дүйнө чемпиону аталган Америкалык мушкер Мухаммед Али 1942-жылы 17-январда АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн.
1981-жылы бокстан биротоло кеткенден кийин Али коомдук маселелер менен алек болуп инсандарга жардам бере баштаган. Бул ишин азыркы күнгө чейин улантып келүүдө.

Легендага айланган Мухаммед Али капыстан Паркинсон илдетине кабылгандыгы аныкталган. Эл арасында бул ооруну калтырак паралич же шал деп айтышат. Бул ооруга кабылган адамдардын жүзү жансыз бет кап сымал болуп, басуусу оорлошуп, үнү акырын жана монотондуу болуп калат. Адатта бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган. Али дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон. Ал бул ооруга кабылып калса дагы, 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарынын отун жаккан.

“Түштү чындыкка айлантам десең- ойгон”.

Бул окуя боюнча Америка Кошмо штаттарынын мурунку президенти Билл Клинтон: \»Жанагыл оорудан колдору титиреп турса дагы Олимпияда отун кылдат көтөрүп чыгып тутандыруу үчүн кандай кайрат керек! Мен ушинтип илдетке кабылып калдым деп мүнкүрөп калбастан, коомчулукка чыгып турганы канча! Али өзгөчө киши\», — деп айткан, Алинин эң жакын досторунун бири Клинтон.

“Чемпионду машыгуу залы жаратпайт. Чемпионду , адамдагы каалоо, умтулуу, максат жаратат”.

“Мен машыгуунун ар бир мүнөтүн жек көрчүмүн, бирок өзүмө: “ Кетпе, азыркы кыйынчылыкка чыда жана өмүр бою чемпион бойдон кал” деп айтар элем”.

“Жараткан улуу инсандардын баарына сыноо жиберет. Мага да “ Мындан ары ибадатын улантат бекен, мага болгон ишенимин сактап калат бекен?” деп, жараткан паркинсон илдетин жиберди. Ал оорутпайт. Бирок сөз менен айтуу кыйын. Мен үчүн эң кыйыны мага келген илдет менен болгон күрөш”.

“Түштү чындыкка айлантам десең- ойгон”.

“Эгер сен бир убакта туура кылган болсоң , аны эч ким эстебейт. А качан жаңылсаң,аны эч ким унутпайт”.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}