Турмуш чындыгы…

Жашооңузга күч, жигер, кайрат берген таасирдүү сөздөр, омоктуу ойлор. Айрым ой толгоолор жашоодогу кээ бир кадамдарыңызды туура ташташыңызга көмөкчү болоруна ишенебиз.Ийгиликсиз никеде жылдарыңды короткончо, татыктуу түгөй издөө менен жылдарыңды коротконуң жакшы.

Табышмактуу аялдар жок, жандырмагын таба албаган эркектер бар.

Мени чындык менен соксоң сок, бирок эч качан жалган менен аяба.

Эч ким сенин көз жашыңа татыктуу эмес, татыктуулар сени эч качан ыйлатпайт.

Аркаңа карап кылчайба. Ар убак алдыда жүр. Сага керек адамдар, өздөрү сени кууп жетет.

Сенин бирөөгө берген эң баалуу белегиң — бул убактың. Анткени, сен эч качан кайтарып алалбас мүнөттөрүңдү берип жатасың.

Жубайлар, бирине көз, бирине кол болуусу керек. Колуң ооруганда көзүң ыйлайт. А көзүң ооруганда, колдоруң жашыңды аарчыйт.

Сени сатып кеткендерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү, биринчисинде ата албаган адамга, экинчи жолу ок берген менен барабар.

Жүз жолу жардам берсең да унутуп коюшат. А бир жолу баш тартып койсоң, өмүр бою эстеп жүрүшөт.

Мени жек көргөн адамдар бар, жек көрө беришсин. Мени жакшы көргөн адамдар бар, жакшы көрө беришсин. Арада мени жаман көрүп, бирок жакшы көрүмүш болгон адамдар да бар. Мына ушундай адамдарды жек көрөм.

Улуу адамдар кээде жаш балдардан да ашып, жомокко муктаж болушат.

Жараткан бизге эки көздү көрүү үчүн, эки кулакты угуу үчүн, эки колду кармоо үчүн, эки бутту басуу үчүн берип, бирок эмнеге бир эле жүрөк берген? Себеби, экинчи жүрөктү биз издеп табуу үчүн, башка адамга берген экен.

Баткакка түшкөн алтын, баары бир алтын бойдон калат, а чаң канчалык бийикке чыкпасын, өмүр бою чаң бойдон калат.

Эч нерсе эрте же кеч болбойт. Баары өз убагында гана болот.

 

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}