Турмуш эң чоң устат

Мектепти бүтүрүүгө аз гана убакыт калган. Бүтүрүүчү окуучулардын көкүрөгүндө кайнап жаткан аруу максат, изги тилектер окууну бүткөн соң эртең эле орундалып, жаңы турмуш барактарын ачууга дилгирленип, эртеңки күн бүгүнкү күндөн да баалуу, барктуу да боло тургандай бардык окуучулар ой кыялдын канатын кере кагып жаткан учуру эле. Ушундай маанилүү күндөрдүн биринде окуучулар мектепке келгенде “А” тамгасын таанытып, ак-караны ажыратышты үйрөткөн, эчак эле өргүүгө чыккан биринчи мугалимдерин, агайларын зыярат кылууга барууну туура көрүшөт. Мугалим окуучуларынын келгенине бир чети сүйүнүп, бир чети ыраазы болуп чекеси жылып калат. Аларга ар биринин өзүнүн жашоосунда орду бар экенин, ар биринин маанилүү экенин айтып, аларга ак дасторконун жаюуга камынат.Бир аздан соң түркүн-түстүү ар кандай сыпаттагы, ар түрдүү идиштеги кофелерди алып келет. Идиштердин бирөөсү кераминден болсо, бири пластикадан, дагы бири фарфордон жасалган чынылар эле. Аларды столдун үстүнө коюп, кофелерди ошол жерден алып ичүүлөрүн сунуштайт.

Окуучулар бирден кофелерин алып орундуктарына отурганда мугалим аларга: “Баам салдыңарбы? Менимче өзүңөр байкаган жоксуңар. Бир баамдаганым, татынакай кымбат баалуу чынылардын бардыгы алынды көрүнөт, ал эми сырткы көрүнүшү арзан жана жөнөкөй болгон идиштеги кофелер алынган жок. Албетте, өзүңөр үчүн эң жакшысын каалаганыңар табигый көрүнүш, бирок, дал ушул нерсе биз айткан кайгы-капанын, көйгөйлөрдүн башкы себеби экендиги анык. Баарыңар чыныларды эмес, кофени каалагансыңар. Антсе дагы, бири-бириңерди байкап чынылардын эң жакшысын алганга умтулуп жаттыңар. Жашоо кофе болсо, ал эми жумуш, акча жана аброй колуңардагы чыны болуп саналат. Булар, жашоону кармаганга жараган буюм, эгер билсеңер жашоонун сапаты буларга карап өзгөрбөйт. Кээде жалгыз чыныга көңүл бөлүп ичиндеги кофенин даамын сезбей калабыз. Бул биздин аңдабай жасаган катачылыгыбыз”-деп айтып окуучуларына турмуш сабагын калтырган экен.

Туура, адам болгондон кийин сулуулукка көнүл бөлбөй коё албайт. Себеби, сулуулук да адам менен кошо жаратылган Жараткандын тартуусу. Табиятта бардык нерсенин карама-каршысы бар. Дегеним, бул табигат мыйзамы. Бирок, дал биздин ошол сулуу көргөн, жаңылып жакшы деген кээ бир нерселерибиз бизди , туура жолдон тайдырып, турмуштун тайгалактуу тар жолунун жолоочусу кылып койгон учурлары да аз эмес. Бул туурасында ар бир адам терең ойлонушу абзел.

Даярдаган: Жанара Каденова

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}