Туулган күн (ыймандай сыр)

Туулган күнүм болчу… Машинемди айдап жумушка бара жатып, негедир көзүмө жаш тегеренди. Буга чейин канча туулган күндөрүм өттү, бирок бир да жолу мындай сезимге туш болбогом…Бала кезде мен үчүн майрамдардын да майрамы болгон бул күндү чыдамсыздык менен күтчүмүн. Бир күн болсо да ата-эненин, тууган-туушкандардын, жакындардын көңүл чордонун ээлеп, ар биринин жылуу куттуктоолору менен кошо белек-бечкегин кабыл алып, өзүн жомоктогу ханзаададай сезип алуу кайсыл жаш балага жакпасын?

Мектептеги жылдарымда ушул күндүн шылтоосу менен классташтардын бир күндүк “ханына” айланчумун. Туулган күн ээсинин маанайын көтөрүү ыйык милдет болгондон бетер, анын көз кареги менен тең айланып, бир сөзүн эки кылбай аткарып коюу – элибизде кеңири жайылган салт эмеспи. Классташтарым да бул салтты каттуу сактачу. Алардын атайын даярдап, “Туулган күнүң менен! ” деп чогуу тартуулаган белегинин берекеси менен арада боло калчу анча-мынча таарынычтар унутулуп, алыстаган жүрөктөр бириге түшчү. Азирети Пайгамбарыбыздын (САВ) “Белек беришкиле, бир-бириңерге болгон сүйүүңөр артсын” деген маанидеги насаатын дайыма аткара жүрсөк, адамдык мамилелердеги жылуулуктун табы эч качан азайбас эле.

Анан студент болдук. Студенттик курак — курсак бир жарытылуу тойсо өзүңдү дүйнөнүн эң бай адамы ойлоп калган керемет учур эмеспи. Ошого эптеп шылтоо табылса эле колдон чыкканын топтой коюп, ага келишинче даамдарды сатып алып, ортого жайып майрамдап калчубуз. Туулган күн да ушундай шаан-шөкөткө себеп болуп берчү бир окуя эле.

Кийинчерээк досторду үйгө чакырмай башталды. Беш-алты чакырым аралыкка маршрутка менен баргандан тыйынын сарамжалдап, жөө каттаган байкуш айрым студент теңтуштар кечеге куру кол баргандан уялып, белек алуу үчүн карызга акча издеп кыйналса, тигил жакта башкалардын астында баласынын шагы сынбасын деп, отуруш өткөрүп берүүгө макул болуп, чөнтөктөрүнө бөөдө күч келип туулган күн ээсинин ата-энелери кыйналчу. Эки тарапты тең кыйнаган ушул өнөкөттөн ошондо эле көңүлүм сууган. Бирок, “элден кем калбайын” деген куру намыс кайра эле туулган күн өткөрүү “милдетинин” баткагына белимден батырчу. Неге биз өмүрүбүздүн тең жарымынан көбүн бирөө үчүн жашайбыз, билбейм.

Ошол куракта чоң атамдын туулган күн тууралуу айткан “учкул кебин” көп эстечү болдум. Ал бул өздүк майрамды “орустун чыгарганы” деп жактырчу эмес. Чындап эле, Орус империясынын узун укуругу жеткенчекти кыргыздарда туулган күн деген түшүнүк болбоптур. Болсо башкадан таппасак да, жарым миллиондон ашык саптан куралган, дүйнөнүн эң улуу дастаны болгон “Манас” эпосунан окуйт элек. Эпосто миңдеген жерлердин, элдердин, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн аттары аталган; согуш, тынчтык, той, шаан-шөкөт, салтанат учурларынын ар кыл жагдайлары укмуш чебердик менен чагылдырылган; ондогон элдердин салт-санаалары, каадалары тууралуу кенен жана терең маалыматтар камтылган. Бирок, Бакай атанын сексен же Кошой атанын токсон жылдыгын, же эр Чубактын элүү жылдык мааракесин кыргыз эли шаан-шөкөт менен майрамдаганы тууралуу бир да маалымат таппайсың. Каныкей энебиздин туулган күнүнө карата Манас атабыз кымбат белек сатып берип, ак боз үйгө ак дастаркон жайып, кырк чорону жубайлары менен чакырып, отуруш өткөрүп, отурушта улам-улам чоң кесеге кымыздан толтуруп, ар бир үй-бүлө кезек-кезек менен “Ушул жаштан жок эле дегенде үчтү жаша! Сен үчүн алып жиберили” деп каалоо айтып отурганын элестетүүгө болобу? Манас атабызды коё туруп тээ бери жактагы Калыгул, Арстанбек, Жеңижок, Токтогул аталарыбыздын жыл сайын “баланча жашка чыктым” деп отуруш же маараке уюштуруп, гүүлдөп майрамдаганын элестетүү дегеле мүмкүн эмес. Анан качан, кайдан жүрүп элибизде ушул туулган күндү белгилөө адаты пайда болду, билбейм. Ошолорду ойлоп, чоң атам раматылыктын биз “өздүк майрам” деп тергечү бул саамалыкты “орустун чыгарганы” деп жеригенине муюп, ынандым.

АКШда, Жапонияда окуп жүргөнүмдө туулган күнүм өздүк эмес эле эл аралык майрамга айланчу. Чет элдик тааныштар үйүңө конокко келсе, демейде, улуттук тамагыңдын даамын таткысы келет. Тамак жасаганды жакшы билбегендигимден АКШда азерибайжан досум Элчин, ал эми Жапонияда өзбек жана дунган досторум Мирзахид менен Ариф конокторго мен үчүн чыгыштын тамактарын жайната жасап берип, абийирди жабышкан. (Өзбек жана дунган бир туугандарыбыздын арасында палоо менен лагман жасаганды билбегендер болбосо керек). Түн бир оокумга чейин бака-шака болуп отурууга убакытты укум кылууну такыр жактырбасам да, курбулардын, коноктордун көңүлүн сыйлап, жүрөктөгү кыжалатчылыгымды такыр билдирчү эмесмин. Бир жагынан, алардын алтындан артык убактыларын мен үчүн садага чаап, кеченин аягына чейин отурганына кайра ыраазы болчумун. Бул беш күндүк өмүрдө, ошентип, желп эткен желден назик көңүлдөрдү сыйлашып жашоо ар бирибизге насип болсун. Бирок, көңүлдөрдү сыйлашуу – убактыбызды беймаани маектешүүгө ысырап кылууга эмес, Жараткан ыраазы боло турган иштерге, ибадаттарга арноого себеп болсо дагы жакшыраак болмок.

Кийинчерээк бир кыргыз аалымынын “Адам бир эле жолу туулат. Демек, бир өмүрдө бир гана жолу туулган күн болот. Жыл сайын кайра-кайра туулган күн белгилөө акылсыздык” деген маанидеги насаатын эшиттим. Ойлоп көрсөм, аныкы деле туура…

Бара-бара мурда туулган күндү эмнеге ушунчалык шаан-шөкөт менен белгилеп жүргөнүмө өзүм түшүнө албай калчу болдум. Бул күн — бул дүйнөдө да, акыретте да ийгиликке жетүүбүзгө себеп болчу бир маанилүү окуя орун алган, же улуу-кичүүнүн, бай-кедейдин, оору-сыркоолордун, мусапырлардын батасын алууга арзый турган абдан кайырлуу, сооптуу, берекелүү иш же ибадат аткарылган күн болсо бир жөн. Болгону күлгүн өмүрдүн, таттуу өмүрдүн, өткөн соң кайрылбас арман өмүрдүн шуулдап артта калып, аягы жакындап жылып келе жатканын эске сала турган кайгылуу бир мезгил чекити, көз ирмеми экен. Биз ошонун урматына дүңгүрөтө майрамдайбызбы туулган күндү? Майрамдоону асман чапчыган кымбат баадагы кафе же ресторанга дос-курбуларды чакырып, адал-арамын ылгабай даамдарды жайнатып, арак-шарапка тоюп, бири-биринин жубайлары менен бийлөөнү түшүнгөндөр огеле көп экенин ойлоп, андан бетер көңүл чөгөт. Оор дартка кабылган жакынын хирургиялык операция кылууга жетиштүү акча топтой албай кайрымдуулук концертине билет сатып жүргөндөр, же социалдык түйүндөрдө ар кандай акцияларды уюштургандар миңдеп саналат. Бул номерге бир СМС жиберсең баланча деген муктаждыгы бар шордууга мынча тыйын садага берген болосуң деген маанидеги каттар телефонубузга байма-бай келип турат. Жума намаздарынан чыксаң керебетте жаткан оорулуунун аянычтуу сүрөтү менен ага жардам сураган өтүнүч жазылып чапталган үкөктөр мечиттин короосунда ондоп, жүздөп турган болот. Ресторан менен кафеге туулган күндө сайрандоого кеткен каражаттын ондон бирин ошондойлорго садага кылып турсак, канча адамдардын көйгөйлөрү чечилет эле. Садага – балээден, кырсыктан тосот, Жараткандын каарын кайтарат дешет аалымдар. Башка келчү балээден садаганын шарапаты менен кутулуу – бул майрам эмеспи? Мейли садага бербе, бирок, жок дегенде арак-шарап ичүү, башка бирөөнүн ак никелүү жубайы менен бийлөө, узакка созулган отуруштарда боло жүрчү ушак айтуу, пайдасыз кептерди сүйлөө сыяктуу айып-күнөөлүү иштерден өзүңдү тыйып, оолак болуу – бул майрам эмеспи? Азирети Алинин “Майрам – бул күнөө кылбай өткөргөн күн” деп айтканы бар. Туулган күндү белгилейм деп текке кеткен сааттарды китеп окууга, же муктаждарга жардам берүүгө, же туугандарга зыярат кылууга, же ыр жазууга, же короодогу иштерди бүтүрүүгө, же спорт менен машыгууга багыштоо – бул майрам эмеспи? Акыретте Жараткан ченеп берген убакытты кандай пайдаланганыбыз тууралуу суракка тартылат турбайбызбы. Ошондо кайсыл жообубуз Жаратканды кубантат да, кайсыл жообубуз Анын каарын келтирет, ойлонуп көрөлүчү…

Биринчи ирет туулган күнүм болгону үчүн көзүмө жаш тегеренди. Бир кездерде мени аябай кубантчу “өздүк майрамым” бул сапар негедир, көңүлүмдү чөгөрдү. Кудайга шүгүр, Пайгамбар мырзабызга пайгамбарлык берилген куракка — кырктын кырына жакындаптырмын. Бирок ушул курактын астанасын аттоом — өмүр жана өлүм, жашоонун маңызы, инсандык жоопкерчилик, адамдык парз, озуйпаларым жөнүндө дагы бир жолу терең ойлонуума себеп болду. Эртеңки күнүм – кайып: кандай болору, дегеле болору же болбосу бир Кудайга белгилүү. А өткөнүм кандай болду экен? Жараткан менден ыраазыбы? Эл-жер үчүн, мекен үчүн, адамзат үчүн, ата-энем, жакындарым үчүн, келечек үчүн, ыйман үчүн жарытылуу эмне иш кылдым? Дегеле майрамдап, белгилегенге арзыгыдай эмнени кыйраттым? Ушуларды ойлоп, көпкө тунжурап олтурдум.

Фейсбук баракчамды ачсам туулган күнүм менен жүздөгөн адамдар куттукташыптыр. Жараткандын мендей бир алсыз кулунун “өздүк майрамын” көз жаздымда калтырбай, куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин багыштаганы үчүн ар бирине абдан ыраазымын. Бирок, Жараткан узун өмүр ыроолосо, ушул жылдан тартып туулган күн белгилөөгө көңүлүм чаппай калды. “Адамдар эмне дейт” деп, бирөөлөр үчүн жашагандан жан дүйнөм эч тынчтык таба албады. Андан көрө “Жаратканым эмне дейт” деп, ыйманымдын ыгына ыңгайлашып жашайын. Туулган күнүмдү куттуктап үйүмө келгендер болсо – ар дайым менин сыйлуу коногум болот. Бирок, мен аларды туулган күндүн урматына эмес, Жараткандын ыраазылыгы үчүн коноктойм. Ар бир иштин баасы ниетке жараша болот эмеспи. Кудай үйүмдү куттуу коноктор көп келген ак жолтой, берекелүү үй кылсын деп тилейм. Конокту сүйүү – бул пайгамбарлардын сыпаты…
Туулган күнүмдө биринчи жолу көзүмө жаш тегеренди. Кырктын кырына келүү оңойбу… Аманчылыктагы ар бир күнүм, көз ирмемим үчүн, жана Жараткан берип жаткан жаткан мол ырыскым үчүн чексиз шүгүрлөрдү айтам.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}