Туура ойгонууга арналган кеңештер

Туура ойгонууга арналган кеңештер
Адамдардын көпчүлүгү эртең мененки уйкунун таттуулугун кыя албай жата берет. “Дагы бир аз жата турайын”, “эми беш мүнөт” деп отуруп, уйкусун кыйлага созот. Акыры, же уйкусу канбай, же убактысында туруп ишин бүтүрбөй, шашмалап калат. Ошону менен көпчүлүк ден-соолугуна дарт жабыштырып алганын да билбейт.
Ишенсеңиз, киши өз эрки менен, табигый түрдө ойгонгон маалда, дене-бойду сергек алып жүрө турган гормон — дофамин организимиңизде жигердүүлүк көргөзүп, “ишке киришет”.
Ал эми уйкудан турууну улам-улам жылдыра берген кишиде бул процесс үзгүлтүккө учурап, табигый ыргагы бузулат. Кеч турган кишинин башы каңгырап, шалдырап жүргөнү ушундан. Мунун сыры — жаздыкка кайра жыгылган кишинин организми оор уйкунун кучагына дагы тереңирээк кирүүгө тырышканында. Ошол себептен, окумуштуулар эрте туруунун пайдалуу болорун айтып келет. Бир ойгонуп, бир уктап, уйку-соонун ортосунда жаткан киши төшөктөн турганда тез чарчап, тез эле шалдырап калганын көрөбүз. Эртең менен коңгуроону улам 10 мүнөткө жылдырып, үч жолу ойгонуп, кайра уйкуга кете бергендин ордуна, жарым саат уктап алганыңыз пайдалуу.
Аалымдар болсо, мындай адаттан арылуу үчүн, кеч киргенден тартып дайыны жок созо бербей, өз убагында жатып, өз убагында турууну кеңеш кылат. Бир мезгилде төшөккө жатып, бир мезгилде туруп кеткен киши өзүн алда канча сергек сезет. Бир гана эркиңизди чыңап, өзүңүздү колго кармап, аракет кылсаңыз болду. Убакыттан гана утуп тим болбой, куч кубатыңыз да артат.
Багымдат намазын үзгүлтүксүз окуган мусулмандар жүрөк оорудан алыс болуп, унутчаактык сыяктуу дартка кабылбайт, — дейт, аалымдар.
Иорданиядагы кардиологдор коому кан-тамыр ооруларынын негизги себебинин бири — көп уктоо (сегиз сааттан ашык) дешет. Көп уктаган кишинин жүрөгүнүн согуу ыргагы мүнөтүнө 50 соккуга чейин төмөндөйт экен. Бул өз кезегинде кан айланууга кедергесин тийгизип, жүрөк булчуң этинин алсыроосун алып келет. Натыйжада, кишинин инфаркт, же болбосо инсульт алуу мүмкүнчүлүгү артат.
Мындайга жол бербөө үчүн, илим адамдарынын пикири боюнча, киши уйкунун убактысын азайтып, эрте турганы оң. Төрт сааттык уйкудан кийин жок дегенде 15 мүнөт ойгонуп, колдон келсе, кандайдыр бир дене кыймылын жасаганыңыз оң. Алла Элчисинин сүннөтү боюнча, түнкү тахажжуд намазына же болбосо, таңкы багымдат намазына туруубуз, Иорданиялык илимпоздордун кеңешине туптуура дал келет. Алла Таала бизге сак-саламат жашоо менен бакубатчылыктын жолдорун көрсөтүп, пендесине көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берген.
Кайсыл бир аалым, баласына эрте жашынан эле Курани Карим окуганды үйрөтөт. Бир күнү ал уулунан: “Курандагы “Кахф” сүрөөсүнүн сырын билгиң келеби?” деп сурайт. Анан мындай сунушун айтат: “Бул сүрөнүн 107-110-аяттарынын мааниси түшүнүшүң керек. Ошондо күн сайын эртең менен азандын үнүн угуп, сергек тура турган болосуң. Бирок, бул үчүн бир шартты аткарышың кажет: уктаар алдында көзүңдү жумуп, аталган аяттарды эсиңе сактап, кайталооң”. Жаш жигит атасынын осуятын аткарып, кийин күнүмдүк ойготуучу коңгуроонун үнүн угары менен таңкы намазга тура турган болот.
Ошону менен бирге, көптөгөн аалымдар жашоосунда колдонуп, “канчалык кеч жатсам да, түнкү намазга сергек ойгонуума жардамын тийгизет” деген төмөндөгүдөй дуба бар: “Аллахумама айкизни фи ахаббил аукат, вастамилни би ахсанил амал” (Оо Алла, мени өзүңө эң жагымдуу маалда ойгот, Сага эң жагымдуу амалдарды жасоомду насип кыл).
Мындайда уктаар алдында Жараткандын эске алып, дуба, зикирлерди кайталоону мааниси зор экенин эскерүүбүз зарыл. Себеби, Алла Элчиси (с.а.в.) Алланын эстебей уктаган кишинин Алла жазалашы мүмкүн” деп айтканы бар. Ушул себептен түндүн бир убагына чейин компьютерде, же такыр эле курулай кептер менен убакытты өткөргөнүбүз жарабаган жорук экенин мээбизге сиңиргенибиз оң. Күнүгө эрте жатууга аракет кылбасаңыз, организмиңиз чарчап, өз калыбына келе албай, кийинки күнгө жеткиликтүү күч кубатты жыйнай албай каларыңыз анык.
Уйку — жарым өлүм. Ким өмүрүн көп бөлүгүн “өлүү” бойдон өткөрүүгө ыраазы болсун?”
«Убакытты башкаруу» китебинен
Даярдаган: Сыймык Саипов

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}