Туз жана суу…

Бир акылманга айылдашы келип даттана берет. Турмуш ага жалаң гана кыйынчылыктарды бергенин, эмне иш кылса да кыйын болуп азап тарта берерин айтуудан жадабайт. Кошунасынын ийгилиги тууралуу айтып, ага кудай баарын бергенин, иштери да жакшы жүрүшүп, балдары да тарбиялуу экенин, жакшы чыкканын, өзүнүн балдары тентек экенин, жакшы бир иш кылууга убактысы да, мүмкүнчүлүгү да болбой жатканын айтып, арыздана берет. Ошондой күндөрдүн биринде акылман ал адамды туз алып келгени жиберет. Бир чыныга суу куюп, ага алып келген туздан бир кочуш салып, ичүүсүн буюрат. Чыны оозуна тийип- тийбей ал адам түкүрүнүп, чыныдагы сууну алыс чачат.— Ачуу бекен?-деп сурайт акылман.

— Ии, аябай ачуу экен,- дейт анда айылдашы.

— Эми жүр,- деп, анча алыс эмес жердеги көлгө алып барат да, көлгө да бир кочуш туз салат.

— Эми көлдүн суусунан ичип көр,- дегенде, ал адам энкейип, суусуну канганча ичет.

— Суунун даамы кандай экен? Туздун даамын байкадынбы? — деп сурайт андан.

— Суунун даамы сонун, муздак экен. Туздун даамы такыр жок.

— Турмуштун тузу баарына бирдей берилет. Болгону, бир чындыкты түшүнүшүң керек: адамдын пейили- суу! Айрым адамдар пейли кенен көл болот, турмуштун тузу канчалык болсо да, татымын билгизбей, жашоосун жакшы жакка багыттай алат. Ал эми ичи тар, башкалардын ийгиликтерин көрө албас адамдар чыныдагы суудай болот. Аларга кичинекей туз да даамын чыгарып, ачуу боло берет. Ошондуктан же пейилди кенен коюп башкалардын жакшылыгы үчүн кубанган ” көл” болушун керек, же чыныгы суудай болуп турмуштун тузунун даамына чыдашың керек. Чечим сенин колуңда,- дейт.

Ачуу нерсе балды бузган сыяктуу ичи тардык ыйманды бузат ( хадис)

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}