Тыянак чыгарууга шашпа

Илгери бир доордо абдан кедей карыя жашаган экен,бирок анын өтө келишимдүү боз аты болгон.Падышалардын баары атка суктанып,карыяга бир топ чоң акчага сатууну сунушташат. Ар дайым бай-манаптар алтындарын белге байлап, ат сатууну суранганда, карыя минтип жооп берчү:-Бул ат мен үчүн жөн гана ат эмес. Ал мен үчүн бир дос сымал, ал эми адам баласы досун да сатчуу беле?!

Карыянын жашоосу абдан оор болсо да, бирок атын сатпады.
Күндөрдүн биринде атканага кирсе, жакшы көргөн аты жок. Айылдын баары келип аны жемелей баштады:

-Карыганда алжып калган экенсиң да! Биз күндөрдүн биринде баары бир атыңды бирөө-жарым уурдап кетерини билген элек. Анда көрө сатып жиберсең болмок. Каап, кандай гана бактысыздык десең…

-Антпегиле, азырынча шашпагыла. Жөн гана ат ордунда жок деп эле койгула. Аттын жоктугу- далил, ал эми силердин сөзүңөрдүн баары-божомол жана тыянак чыгаруу. Бул жамандыкпы же жакшылыкпы бир Кудайга маалым, аны мен да, силер да билбейсиңер. Балким мунун артында башка эле нерсе тургандыр?!

Адамдардын баары карыяны шылдыңдаган абалда үйлөрүнө кайтышты.Элдин баары карыяны айнып калган деп ойлочу. Бирок арадан эки апта өтпөй, түндөсү аты кайрылып келет. Аны эч ким уурдабай эле, өзү эле качып чыккан болот. Жалгыз кайтып келбестен, бир үйүр жылкыны да ээрчите келет. Айылдаштардын баары чогулуп:

-Карыя туура баамдаган экен. Бул бактысыздык эмес эле, чоң бакыттын дал өзү го!

-Силер дагы эле тыянак чыгарууга шашып жатасыңар. Жөн гана ат кайра келди дегиле. Бул нерсе жакшылыкпы же жамандыкпы, ким билет? Бул жөн гана жашоодогу бир көрүнүш. Силер бир сөздү окуп алып эле, китеп жөнүндө сүйлөй бересинерби?

Бул жолкусунда адамдар бетине айтпаса да, ичинен карыя мурункудай эле дөөрүп жатат го деп таркашты. Кантип эле келишкен 12 жылкы жамандык болсун.

Карыянын жалгыз бир уулу бар эле, келген жылкылардын баарын минип алып, күн сайын аларды суутуп турчу. Күндөрдүн биринде аттан жыгылып, эки бутун сындырып алат. Адамдар чогула калып, мурункудай эле:

-Сен ошондо да туура айткан экенсиң. Бул нак бактысыздык экен. Жалгыз балаңдын эки буту сынып, таянычың жок калдың.Эми мурункудан да жаман абалга түштүң.

-Силер тыянак чыгаруу илдети менен ооруйт экенсиңер. Болгону бутун сындырып алды деп эле койгула. Бул Жараткан берген белекби же жазабы, ким билет? Жашоо бизге өз сырларынын азын гана билгизет эмеспи, андан ашыгын билүүгө чамабыз да жетпейт.

Бир жумадан соң карыя жашаган өлкөдө согуш башталып, баардык эр-жигиттер согушка аттанат. Айылдын баары согушка кетип, бир гана карыянын буту чолок баласы калып калат. Ата-энелери балдарын жөнөтүп жатып абдан кейишет. Анткени, бул чоң салгылашуудан көбү кайтмак эмес. Карыянын алдына топтолуп:

-Өткөнкү сөзүңдүн акыйкатын бүгүн сездик. Чындыгында балаңдын буту сынганда да-бир жакшылык бар экен. Балаң чолок болсо да, бирок жаныңда калды. А биздин балдарыбыз кайткыс жоого жөнөп кетишти.
Анда карыя эл-журтка мынтип кайрылды:

-Силер дагы деле тыянак чыгарууга шашып жатасыңар. Эч ким эч нерсени билбейт! Жөн гана биздин балдарыбыз сенин балаңдан айырмаланып согушка жарактуу экен дебейсиңерби! Чындыгында, бир гана Кудай бул иштин артында жакшылык же жамандык бар экенин даана билет.

Силер ар ишке тыянак чыгаруу менен, өсүп-өнүкпөйсүңөр! Тыянак чыгаруу-мээнин катып калганын туюндурат. Акыл эс ар дайым тыянак чыгарууга шашат, анткени анын өнүгүүсү чоң мээнетти талап кылат. Акыйкатта, эч бир саякат аягына чыкпайт. Бир эшик жабылса, экинчиси ачылат. Силер бир бийиктикке жеткенде, андан бийик экинчиси пайда болот. Жашоо-узакка созулган саякат!

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}