Убакытка карап тамактануу пайдалуу

Саламаттыкка кам көрүүнү туура тамактануудан баштоо керек. Ал үчүн тамактануунун тартибин, азыктардын пайдасын гана эмес, кайсы азыкты күндүн кайсы учурунда жеш керектигин да билишиңиз шарт. Анда эмесе, эртең менен, түштө жана кечинде организм үчүн кайсы азыктарды кабыл алуу керектигин үйрөнөлү.

Эртең менен

Жаңы сыгылган шире. Күндү жаңы сыгылган апельсин ширеси менен баштоо ашказанды тамак сиңирүүгө даярдайт. Ошондой эле организм үчүн керектүү болгон көп өлчөмдөгү С витаминин курамына камтыйт. Апельсинден башка алма, сабиз сыяктуу жашылча-жемиштердин ширеси да эртең менен пайдалуу болуп эсептелет.

Дан азыктары. Кара буудайдын данынан жасалган нан углеводго, минералдык туздарга, клетчаткаларга жана В витаминдер тобуна бай.

Мөмө жана жемиштер. Табигый мөмө жана жемиштер курамына витаминдерди, минералдык зат, азык-түлүк буласын камтыйт. Бул таңкы тамак ичеги-карындардын нормалдуу иштөөсүн шарттайт. Анан да жемиштердин баарынын калориясы аз болуп эсептелет.

Сүт азыктары. Таңкы тамакка табигый йогурт ичсе абдан пайдалуу. Курамындагы лактобактерия иммунитетти чыңдайт. Ошондой эле эртең менен сыр жеген туура, ал белок менен кальцийге бай.

Жумуртка. Жумуртка азыктандыруучу заттын толук булагы болуп эсептелет. Курамына фосфор, темир, цинк, жана А, Д, В витаминдерин да камтыйт.

Кофе жана чай. Кофеин менен танин козготуучу касиетке ээ болгондуктан таң эрте ичүү менен организмдин ойгонушун шарттайт. Кофе менен чайдын курамындагы минералдар менен антиоксиданттар организмдин коргоочу күчүн жогорулатат. Көк чай болсо беттин түсүн жакшыртат.

Бал. Бал жүрөк-кан тамыр системасына пайдалуу. Балдын курамындагы көп өлчөмдөгү фруктоза организмдеги ферменттин өнүгүшүн нормалдаштырат. Эртең менен дайыма бал колдонуу артериалдык кан басымдан куткарат.

Мармелад, жем. Бул азыктардын курамындагы желатин ашказандагы бездердин секрециялык функциясын жакшыртат. Эртең мененки мармелад же жем организмдеги кычкылдыктын деңгээлин нормалдаштырып, адамдын күн бою өзүн жакшы сезүүсүн шарттайт.

Түштө

Гречка. Гречка эң пайдалуу азыктардын катарында турат. Анда темир, кальций, магний, йодго окшогон организм үчүн баалуу заттар жана майда элементтер бар. Гречкадан жасалган ботко организмди органикалык кычкылдыктардын запасы, В, Р, Е витаминдери менен толуктайт.

Күрөң күрүч. Бул дан өсүмдүгүнүн организмге пайдасы чексиз. Анда жогорку көрсөткүчтөгү клетчатка жана татаал углеводдор бар. Ошондой эле ал курамында майдын жоктугу менен айырмаланат.

Чийки жашылчалар. Жашылчаларда калория төмөн болгондуктан абдан сиңимдүү келет. Алардан жасалган салаттарды кабыл алуу менен организм витаминдер, минералдар, фосфор, кальций, магний менен камсыздалган болот. Салатка зайтун майын кошуп жеген жакшы. Ал организмдеги холестериндин деңгээлин төмөндөтүп, булчуңдарды чыңдайт.

Макарон. Буудайдын катуу сортунан жасалган макарон клетчатка, фолий кычкылына бай жана организмге майдын топтолуусун шарттабайт. Болгону жогорку сорттогу ундан жасалган макаронду, буудайдын катуу сортунан жасалган макаронго алмаштырбай, экөөнүн айырмасын ажыратып билүү керек. Бул макарондун курамындагы жогорку өлчөмдөгү фолий кычкылы аялдар үчүн өзгөчө пайдалуу жана организмге темирдин сиңишин жакшыртат.

Картошка. Көпчүлүктүн сүйүктүү тамагы болгон картошка С, В, Е, K жана D витаминдерине бай. Ошондой эле организмге пайдалуу майда элементтер – калий, фосфор жана темирди курамына камтыйт. Өзгөчө ал сууга же күлгө көмүп бышырганда абдан пайдалуу. Бул азык жүрөк-кан тамырдын ишин нормалдаштырып, зат алмашууну жакшыртат.

Кара нан. Бул нан азыктары курамына көп өлчөмдөгү клетчатка жана татаал углеводду камтыйт, анан да организм үчүн абдан пайдалуу ортофенол антиоксиданты бар. Ортофенол организмде рак клеткаларынын өсүшүнө каршы турат.

Кечинде

Майсыз сулп эт же балык. Кечки тамак туура болушу үчүн рациондо организмге жеңил жана бат сиңе турган азыктар болушу керек. Бууга бышкан, кактап бышырылган жана кайнатылган тамактарды ичүү туура. Майсыз эт жана балык кечки тамак үчүн идеалдуу азыктар. Алар — белок жана минералдын булагы, курамында витаминдер, өзгөчө В витаминдер тобу бар. Кечкисин куурулган эт жегенге болбойт. Колдон келсе куурулган тамактарды рациондон таптакыр эле чийип таштоо керек.

Бууга жана сууга бышкан тамактар. Чийки жашылчалардан кийинки эле организм үчүн пайдалуу тамактар бууга жана сууга бышкан тамактар болуп эсептелет. Жылуу тамак клетчатканын жеңил сиңүүсүн шарттайт. Ден соолук үчүн толук кандуу пайдалуу. Кечки тамактарга курамында крахмалы аз жашылчалар да кошулат. Булар бадыраң, капуста, помидор, редиска, пияз жана көк чөптөр.

Деңиз азыктары. Деңиз азыктары биздин организмди йод, С жана В12 сыяктуу пайдалуу витаминдер менен тойгузат. Омардын этинде көп өлчөмдөгү майда элементтер, организм үчүн жетишсиз болгон жез, калий жана цинк бар. Алар менен бирге деңиз капустасынын да пайдасы зор. Тактап айтканда, курамында фолий жана пантотен кычкылы, А, Е, В витаминдери бар.

Майсыз сүт азыктары. Кечки тамак жеңил сиңип, ичеги-карындын ишин да нормалдаштырышы керек. Ал үчүн идеалдуу азык болуп майсыз сүт азыктары — быштак, кефир, йогурттар эсептелет. Алар тамак сиңирүүнү жакшыртып, кандагы холестерин, канттын деңгээлин төмөндөтүп, арыктатат, бөйрөккө таш пайда болуусун токтотуп, зат алмашууну жакшыртып, сөөктөрдү бекемдейт. Ошондой эле ичеги-карындын микрофлорасын калыбына келтирип, иммунитеттин бекем болушун шарттайт. Жатар алдында ичилген 1 стакан кефир же йогурт кальцийдин булагы гана болбостон, уйкуну да нормалдаштырат.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}