Убакытты үнөмдөөнү үйрөнүңүз

Убакыт менен жарышууда ар дайым артта калып жатканыңызды байкадыңызбы?Убакыт сизге жетпей жатабы же сиз убакыткабы? Иш күнүңүз аяктап жатып, бүтпөй калган иштеринизди көрүп, “Эх, дагы бир саат убактым болсо иштеримди бүтүрүп алсам” деп өкүнгөн учурларга туш болосузбу? Анда төмөндөгү кеңешке көңүл буруңуз, бул сизге иш күнүңуздө 1 саатынызды үнөмдөп калууга жардам берет деген ишеничтемин.Иш ордуңузду тыкан кармаңыз
Чачылган бөлмө, жыйнаксыз иш үстөл адамга ар дайым көп иши бар, жетишпей жаткандай сезим калтырат. Бирок чынында андай эмес. Иш бөлмөңүздү, үстөлүңүздү ар дайым тыкан, таза жана жыйнактуу кармаңыз. Эч качан башаламан папка, кагаздардын курчоосунда отурбаңыз.Кагаз, папкаларыныз өзүнчө текчеге жыйнактуу кылып тизип, эң керектүү делгендерин гана жаныңызга алыңыз.

Бирин бүтүрбөй жатып, бирине аттабаңыз
Бир иш кагазын окуп жатып экинчисин колуңузга алуу, бир ишти бүтүрбөй жатып, экинчисине өтүү сиздин убактыңызды гана алат. Баштабаңыз, баштаган соң таштабаңыз. Бир папканы окуп жатып, жарымына келгенде таштап салып экинчисин албаңыз, аягына чейин окуп чыгыңыз, бир ишти бардык көңүлүңүздү коюп аткаруу сиздин убакыттан утууңузга көмөктөшөт.

Иш күнүңүздү пландаңыз
Он беш мүнөтүңүздү ала турган ишке бир сааттык убактыңызды кетирбеңиз. Аткара турган иштериңиздин тизмесин түзүңүз. Кызыл баракчага шашылыш түрдө аткара турган иштеринизди, жашыл баракчага сөзсүз аткарылуусу керек болгон маанилүү иштеринизди жазып иш үстөлүңүзгө чаптап коюңуз.Таң эрте ишке келгениңизде ишти эмнеден баштарыңызга жардамчы болот.

“Жок” дегенди үйрөнүңүз
Досторуңуздун, кесиптештериңиздин айрым орунсуз, пайдасыз сунуштарынан баш тарта билиңиз. Көңүлүн оорутуп алам деп макул болосуз, бирок мындай чакыруулар дагы кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан биринчи чакырууда эле абалды туура түшүндүрүп, иш планыңызды өзгөртө албашыңызды айтканыңыз жакшы.

Ишке эрте келиңиз
Эртең менен ишке эрте келип, көңүлүңүз ачык кезде бир ишти баштоо ишиңиздин натыйжалуу жана эрте бүтүшүнө шарт түзөт. Айрыкча адам эртең менен ишти көңүл коюп аткара алат. Кечинде иштен эрте чыгуунун ордуна ишке эрте келүүнү адатка айлантыңыз.

Интернетке байланып калбаңыз
Социалдык тармактарга, Е-почтаңызга убактыңыздын көбүн алдырбаңыз.Бир күндө 3 жолу кирип, 5 мүнөттөн 15 мүнөт убактыңызды бөлсөңүз жетет.Эртең менен ишке келгенде, түшкү тамактан келгенде, иштен чыгып жатып Е-почтаңызга келген каттарды карап маанилүүсү болсо жооп берип коюңуз. Социалдык тармактардагы керексиз достордон арылыңыз, Е-почтаңыздагы керексиз каттарды да дароо өчүрүп салууну унутпаңуз.Азыркы учурда адамдардын көбү иш күнүнүн жарымын интернетте отуруп өткөзүшөт. Сиз бул нерсеге жол бербеңиз.

Түшкү тамакты ылдамдатыңыз
Түшкү тамак убактысында эң аз дегенде 30 мүнөт үнөмдөп калам десеңиз кечигип тамакка барыңыз. Түшкү тамакка элдин баары барган убакта барып, кезекке тургандын ордуна ордунузда отуруп бир ишти бүтүрүп койгонуңуз оң.

Кофе менен тыныгууну да пландаңыз
Билинбегени менен адам кофе же чай ичүүдө бир топ убактысын жоготот. Ошондуктан кофе жана чай ичүүдө убакытты үнөмдөөнү үйрөнүңүз.Кофе убакытты алуу менен бирге ден соолугугуңузга да зыян экенин унутпаңыз.Колдон келсе бул адаттан арылууну ойлонуңуз.

Телефонду абайлаңыз
Эгер катчыңыз бар болсо телефонду катчыңызга берип койгонуңуз оң. Себеби, ар бир чакырууга өзүңүз жооп берип отурсаңыз ишиңиз да бүтпөйт, көңүлүңүз да бөлүнөт. Ал эми кол телефонуңузга келген чакырууларды карап, маанилүүлөрүнө гана жооп бергениңиз дурус.

Сюрприздерге убакыт бөлүүнү унутпаңыз
Албетте, баары сиз ойлогондой,сиз пландагандай болбой калышы мүмкүн. Башка да маанилүү иштериниз, сөзсүз барышыңыз керек болгон чакыруулар да болот.Ошондуктан күндүк же апталык пландарыңызды түзүп жатканда “сюрприздер” үчүн да боштук калтырууну унутпаңыз.

Эң негизгиси кылып жаткан ишиңизди чын көңүлдөн кылсаңыз убакыттын кандай өткөнүн билбей да каласыз.Убакытты үнөмдөйм десеңиз жогорудагы кеңештерге көңүл буруп, алтындай болгон болгон мүнөттөрдү текке кетирбеңиз.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}