Убакытты туура пайдалануу үчүн кеңештер

Бул жашоодо ар бир адамга бирдей убакыт берилет. Чындыгында, ал убакытты ким кандай колдонот, адамдар ошонусу менен бири-биринен айырмаланат. Кээ бирлери аны сарамжалдуу колдонгонду кичинесинен үйрөнүп, жашоосуна маанилүү өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү киргизет. А кеч түшүнгөндөр болсо, убакыттын кадырын кечигип байкап, бармагын тиштейт. Сиз да эртең өкүнүп бармагымды тиштеп калбайын десеңиз убакытты туура пайдалануу тууралуу айрым кеңештерге кулак салыңыз.1. Эртең менен эрте турганда күнүмдүк планыңызга бир сыйра көз чаптырып, телефонду өзүңүздөн алыс кармап тамактаныңыз;

2. Көңүлүңүз чөгүп турса да, күзгүгө көрүнүп жатканда жылмаюуну адатка айландырыңыз;

3. Күндө эң аз 15 мүнөт китеп окуп туруңуз;

4. Кечинде дептериңиздин бир бетине ошол күнү сизди кубандырган нерселерди тизмектеп жазып, бир тарабына жагымсыз нерселерди жазыңыз да, канткенде ошол жагымсыз нерселер болбой турганын ойлонуңуз;

5. Башкалардын сиз тууралуу кандай ойлогондугуна маани бербеңиз. Маани берсеңиз пайдасыз нерв коротуу менен убакытыңыз текке кетет;

6. Жакшы көргөн адамдарыңызга жетиштүү деңгээлде көңүл буруңуз;

7. Күнүнө эң аз дегенде 30 мүнөт сейилдеп, таза абада дем алыңыз;

8. Мүмкүнчүлүк болсо бош убакыт болгондо улгайган адамдар менен жана кичинекей бөбөктөр менен убакытты өткөрсөңүз, улуулардан акыл-насаат угасыз, бөбөктөрдөн өзгөчө дем, кубат аласыз;

9. Интернет сайттарды колдонууда ишиңиз бүтөрү менен көп алаксыбай, компьютерди жабууга аракет жасаңыз;

10. Башкаларга жылмаюу тартуулаңыз, достук жылмаюудан башталат;

11. Жети өлчөп бир кесиңиз, ар бир чечимди чыгарууда кылдат ойлоп, кабыл алыңыз;

12. Таарыныч эч нерсеге татыбайт. Ичи тардык, көрө албастык, карасанатайлык, ушак убакыттын бошко коротулушу;

13. Эгер кечинде жагымсыз нерселер оюңуздан кетпей кыйналып жатсаңыз, душка түшүп, бутуңузга байпак кийип жатыңыз. Жатканда 4 секунда дем тартып, ал демди 4 секунда сактап, 4 секундада чыгарып салыңыз. Бул көнүгүүнү 3 жолу кайталап уктасаңыз жаман ойлордон арылып, жакшы уктайсыз.

14. Дүйнө жүзүнө белгилүү бизнесмен, психолог жана мульти миллионер – Брайан Трейсинин “Убакытыңды башкар жана натыйжаңды 2 эсе арттыр” (Управляй своим временем и удвой результаты) деген чыгармасын окуп койсоңуз да ашыкча болбойт;

15. Адамдар эки нерсенин кадырын билбейт, бири – ден-соолук, экинчиси – убакыт. Андыктан ойлонуңуз…

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}