Үч улуу табып

ҮЧ УЛУУ ТАБЫП
Айылда атагы алыска кеткен, илими жана тажрыйбасы менен миңдеген адамдардын оорудан айыгуусуна себеп болгон бир табып жашайт эле. Бир күнү мына ошол табып өзү катуу ооруга чалдыкты. Чынында бул оору эмес эле, ажалдын дал өзү болчу. Себеби, табып өз өмүрүн жашап бүткөн карыя эле. Ошол учурда анын шакирттери аны дабалоого аракет кылышат, устаты болсо аларга карап:
Сүйүктүү шакирттерим, мени дабалаш үчүн ашыкча азап чекпегиле, мен эми түзөлүүдөн үмүт үзгөнмүн, ажал периштеси жакын калган окшойт. Көзүм өткөндөн кийин, өтө эле кокуй-наалат кыла бербегиле. Мен өз ордума үч улуу табып калтырып кетемин. Ушул үч зор табыптын кеңештерине баарыңар көңүл буруп, башкаларды дагы ошого моюн сундургула, — деди.
Шакирттеринин бири:
Биздин азиз устатыбыз, сизден кийин ордуңузга кала турган үч улуу табып кимдер?
Силерге айткан үч зор табыптын биринчиси – тазалык, экинчиси – тамакты кылдат ичүү, үчүнчүсү – дене тарбиясы. Дайыма таза болуу, тыгып-ыгып жебестен, өз өлчөмүндө тамактануу, ичимдикти тыюу, дене мүчөлөрүн аракетсиз калтырбастан дене тарбия менен алектенүү – мына ушулардын баардыгы адам саламатчылыгын сактоочу эң улуу табыптар эмеспи, деп жооп берди устат.
Өмүрүңдү узарткың келсе, алкымыңды кыскарт (Б. Франклин)

«Дил азыгы» китебинен

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}