Учкучтар жашырган 5 купуя

Башка унааларга салыштырмалуу караганда, учак эң коопсуз унаалардын катарына кирет экен. Мүмкүн бул ырас чыгар. Изилдөөлөргө таянсак, ар бир 3 секундда жерге бирден учак конуп турат экен.Аба кырсыктары башка унаа кырсыктарына салыштырмалуу өтө аз катталат экен. БУУнун эсептөөсү боюнча, учактарда миллиондун бири гана кырсыкка учурашы мүмкүн экен. Эгер муну башка унаа турлөрү менен салыштырсак алда канча пайдалуу жана коопсуз экенин байкайсыз. Учак кырсыктарынын 50 пайызы учкучтардын жаңылыш аракетинен улам болот, 7 пайызы башка экипаж мүчөлөрүнүн кетирген каталыгынан, 22 пайызы техникалык себептерден, 12 пайызы аба ырайынын ыңгайсыздыгынан, 9 пайызы атайылап башкалар тарабынан кырсыкка учуратылат.

Жакында Улуу Британиянын “Daily Mail” басылмасы аба кемеси тууралуу карапайым калк биле бербеген купуяларды жарыялады:

Учактардын техникалык мүчүлүштүктөрү абадан байкалат

Учак кезектеги сапар алдында толук текшерүүдөн өтөт. Ошентсе да, аба жайдан учактын иштен чыккан же бузулган тетиктери байкала бербейт. Натыйжасында, бузулган тетиктерди иштен чыккан болүкчөлөрү асманда ондолот.

Учкучтар да уктайт

Асмандан жолоочулар сыяктуу эле учкучтар да уктайт. Арийне, экөө бирдей эмес, кезектешип. 2012-жылы жүргүзүлгөн соболнамада учкучтардын жартысынан көбү асманда уктаарын жашырган эмес. Себеби, учак, бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин “автоучуу” тартибине коюлат. Учкуч, асманга көтөрүлүп жатканда жана конуп жатканда шайма-шай тың болуусу керек.

Учак менен таң эрте учкан дурус

Учакта аба толкундарынан улам болгон термелүүдөн корксоңуз, учакка таң эрте отуруп сапарга чыгыңыз. Себеби, таң эрте аба толкундары учактын учуусуна көп кедерги келтирбейт.

Учкучтарга түрлүү тамак-аштар сунулат

Жолоочуларга салыштырмалуу учкучтардын тамак-ашына маани берилет. Алар үчүн атайын өзгөчө даамдар даярдалат. Ошону менен бирге учкучтар да өздөрү менен бирге тамак алып жүрүүсүнө да уруксат берилет.

Бардык учакка чагылган түшкөн

Учукка жылына кем дегенде бир жолу чагылган түшөт. Бирок, табияттын тамашасын карасаңыз, чагылган учакка анчалык көп деле зыянын тийгизбейт.

Инсан

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}