Учурдун эң көп окулган китептери

Дүйнөдө эң көп окулган жана эң көп нускада чыккан китептерди \»Бестселлер\» китептер деп аташат. \»Бестселлер\» деген сөз англис тилинен (“best seller”) которгондо “көп сатылган” дегенди түшүндүрөт. Бүгүн биз учурда дүйнөдө эң көп нускада сатылган, бестселлер китептер, алардын авторлору тууралуу сөз кылмакчыбыз.Бүгүнкү күндө дүйнөлүк көркөм адабий бестселлерлердин сап башында Борис Акуниндин “Весь мир – театр” (“Дүйнө – театр”) жана Дэн Браундун “Утраченный символ” (“Жоголгон символ”) аттуу чыгармалары турат. Аталган эки китеп тең 2009-жылдын аягында жарык көргөн. Ошондон бери дүйнөлүк сатыкта эң алдыда турган китептер.

Борис Акунин \»Дүйнө театр\»

Автору – Орус жазуучусу Борис Акунин
Китептин аты – “Дүйнө – театр”
Жанры – Детектив
Окурмандын жаш курагы – Чектелбейт
Бети – 432

Китептин негизги мазмуну

Чыгармада 1911-жылдын күз айындагы окуя чагылдырылат. Анда 55 жаштагы каарман Эраст Фандорин күтүүсүздөн өткөөл курактагы балага айланат. Буга чейин колунан бардык иш келген, супермен деп саналган Эрасттын моюнуна мүшкүл иш түшөт. Ага эң оор кылмышты ошол курагында изилдеп чыгуу милдети тапшырылат. Мындай иш чыгармада бир эмес, бир нече болгону да маалым. Романда, негизинен, супермен болуп жүргөн адам сыйкырдуу сапатынан айрылып, катардагы инсандардын арасына кошулуп калганда өзүн кантип алып жүргөнү баяндалат. Анда көп кызыктуу окуялар камтылгандыктан, окуп жаткан адам кантип аягына жеткенин байкабай да калат.

Китептин автору: “Дүйнө – театр. Бүтүндөй аалам – жалган жашоо. Ал эми театрдын, башкача айтканда, дүйнөнүн адамдары баштан аяк жасалма”,- деген.

Нускасы…

Учурда Борис Акуниндин “Дүйнө – театр” аттуу чыгармасы “Күүгүмдөн” да популярдуу болуп саналат. Окурмандар сынына коюлганына аз гана убакыт болгону менен, 200 000ден ашык нускада сатылган.

Учурдун эң көп окулган китептери

Дэн Браун \»Жоголгон символ\»

Автору – Америкалык жазуучу Дэн Браун
Китептин аты – “Жоголгон символ”
Жанры – Триллер, детектив, боевик
Окурмандын жаш курагы – Чоңдор үчүн
Бети – 544
Орус тилине которгондор – Е. Романова жана М. Десятова

Китептин негизги мазмуну

Атактуу «Да Винчинин коду» романынын автору Дэн Браундун аты бул ирет да башка чыгармасы менен даңкталды. Ал – “Утраченный символ” деген эмгеги.

Лэнгтонду Смитсон институтунун башчысы, тарбиялоочусу Питер Соломон Улуттук Капитолия статуя залына лекция окуу үчүн чакырат. Соломон агайына келерде бир нече жыл мурун ишенип берген кичинекей түйүнчөктү ала келүүсүн өтүнгөн. Лэнгтон Капитолийге келгенде катуу чыңырыкты кулагы чалат. Профессор чуркап барып, залдын ортосунда жыгачтын үстүндө жаңыдан жасалган шыбакка боёк менен тартылган “Апофеоз Вашингтон” деп аталган картинаны көрсөтүп турган кесик колду көрөт. Кесилген кол окуучусу Питердики экенин татуировкасынан жана шакегинен билет. Бир нече убакыттан соң окуучусун жана досу Соломонду уурдап кеткендерден кабар келет. Алар профессорго Вашингтондун жер алдында катылган эки пирамиданы таап, аны менен бирге жоголгон сөздүн маанисин чечмелөө буйругун жөнөтүшкөн. Жоголгондорду аман-эсен кайтарууну каалаган профессор түрдүү белгилерге, символдорго маани берип, бүт аракетин жумшайт. Беш жүздөн ашуун баракчага жазылган китепте окуя кенен жана кызыктуу баяндалган.

Нускасы…

Роман алгач 6,5 миллион нуска менен жарык көргөн. 5 миллиону Түштүк Америкага таркатылса, 1,5 миллиону Улуу Британияга жөнөтүлгөн. Китеп сатыкка чыгары менен миллиондон ашык нуска өтүп кеткен. Чыгарманы интернет аркылуу да бир топ окурман сатып алган. Орусияда 2009-жылдын ноябрь айында которулуп, жарык көргөн. Алгачкы нускасы 300 миңди чапчыган. Андан кийин да китеп буйрутма менен бастырылган.

Китептин бестселлерге айланганынын себеби автор мурунку чыгармаларында башкы каарманды аябай кызыктуу көрсөтө алган. Окурмандар анын жашоодогу кийинки кыймыл-аракетин чыдамсыздык менен күткөндүктөн, сатык боюнча бүгүнкүдөй ийгиликке жетишти. 2012-жылы сөз болгон китептин негизинде тасма тартылат деген кеп бар.

Учурдун эң көп окулган китептери
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}