Уйкунун бузулуусунун кесепеттери

Уйку, организмдин өзүн — өзү жөнгө салуусу жана нерв системасынын калыбына келүүсү, ошондой эле кан айлануу системасынын нормалдашуусу үчүн керектүү булак болуп эсептелинет. Бирок, уйкунун да өз нормасы жана убакыт-сааты бар. Эгер, бул норма бузулса же туруксуз баш аламан абалга келсе анда, организмдин жабыр тартуусу байкалат. Төмөндө уйкунун бузулуусунун натыйжасында организм дуушар болгон терс таасирлер тууралуу маалымат берилет:
1.Акылдын ачка калуусу
Адамдын мээси 21:00-23:00 арасы активдүү эс алат. Эгер, сиз 23:00дөн кийин уктасаңыз, убакыт өткөндөн сайын акылыңыздын ачка болуусу башталат. Себеби, уйкусуздуктун айынан мээнин бир күн кечке кабыл алган жаңы маалыматтарды иштетип, анализ, синтез кылуу жана ирээттештирүү мүмкүнчүлүгү алсырады. Эгер сиз 23:00дөн 01:00гө чейин уктабасаңыз негативдерге, оор физикалык күчтөргө туруштук берүү күчү жабыркап, эпкиниңиз (энергия) азайып, нерв системасы бузула баштайт.
Анын белгилери: алсыздык, шалдыроо, оордук сезими ж.б. Эгер, сиз 01:00-03:00 арасы уктабасаңыз, сизде кыжырдануу жана болоор болбос себептерге ачуулануу пайда болот.
2.Соолуп бара жаткан сулуулук
Уйку, ден-соолук үчүн эле эмес, сулуулукту сактоо үчүн дагы эң керектүү булак. Тынч уйкуда жатканда гана, клеткалар жана ткандар активдүү түрдө калыбына келет.
3. Өнөкөткө айланган көңүлсүздүк
Убакыттын өтүшү менен жана жаш улгайган сайын организмде ички чыңалуу жогорулап баштайт. Тынч уйку учурунда организм ошол чыңалууну калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эгерде,сиз ар дайым өз убактысы менен уктабасаңыз, жана бул көрүнүш адатка айланган болсо чыңалуудан арылбай, маанайыңыз тез-тезден өзгөрүп, өнөкөт көңүлсүздүккө кабылууңуз ыктымал.
4.Ашыкча салмактуулук
Калифорния университетинин окумуштуулары өз убактысы менен эс ала албаган айымдар ашыкча салмактуулук көйгөйү менен жабыркашаарын изилдешкен. Себеби, уйкунун жетишсиздиги жана туруксуздугу зат алмашуу процессин жабыркатат.
5.Иммунитеттин начарлашы
Уйкунун иммунитетке кандай тиешеси бар дейсизби? Баары жөнөкөй: түндөсү организм өзүн өзү калыбына келтирип, ошондой эле сергектикке тескери таасир берген кесепеттерди нейтралдаштырып, иммунитетти чыңдайт. Түн ичинде иммундук система бекемделип, күндүз организмге түшкөн патогендүү микроорганизмдерди өлтүрөт. Дайыма уйкунун канбай жүрүүсү, сасык тумоо, суук тийүү сымал ооруларга жол ачат.
6.Эрте картайууга себеп
Тункү уйкуда теридеги клеткалар калыбына келип, кан айлануу жакшырат. Табигый түрдө мимикалык бырыштарды түздөө процесси жүрөт жана теринин түсү жакшырат.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}