Уктагандыгы үчүн акча алгандар бар

Пенсиядагы чач тарач Десмонд Уилкокс көпчүлүк кыялданган жумушка алынган. Ага жумушта уктагандыгы үчүн 100 евро төлөнөт. Десмонддун жумушу «уйку элчиси» болуу. Эми ал 3 ай бою керебет, жаздык, жууркан жана башка уйку үчүн керектүү буюмдарды тестирлөөдөн өткөрөт. Мындан тышкары, уктоого пайдалуу делген диета, жана башка түрдүү ыкмалардын эффективдүүлүгүн да текшерүүсү керек. Анын жумушу иш убактысында чырым этип алуу эмес, чындап уктоосу шарт. Пенсионер кандай жер, кандай учур болбосун уктап калууга жөндөмдүү экен. Ошондуктан ал бул орунга ат салышкан 506 адамды артка калтырган.

  • Американын Техас штатынын жашоочусу Остин Коулсон дүйнөдөгү эң кичинекей унааны жасап, Гиннесстер китебине кирген. Унаанын узундугу – 126.47 см, туурасы – 63.5 см, бийиктиги – 65.41 см. Кыймылдаткыч күчү 110 куб. Кичинекей унаанын аты Коулсона. 100 километрге 2,7 литр бензин сарпталат.

  • АКШнын Дьюк университетинин профессору Кен Посс терисинде 70тен көп өңү бар балыкты өстүрдү. Ал генди эмбриондогу тери клеткаларынын түсүнө жооптуу геномго кошкондон кийин айтылган балык пайда болгон. Бул балыктын терисинин ар бир клеткасында гендин 100гө жакын көчүрмөсү бар. Алардын өңдөргө бөлүнүүсүндө катуу тартип жок. Мисалы, бир клеткада 70 кызыл, 20 жашыл жана 10 көгүлтүр белок болуп калышы мүмкүн. Генетикалык жактан модификацияланган данио-рерио балыгынын териси Күн желесинин жети түсүнөн башка дагы 63 өңгө ээ. Түстүү балыкты пайдаланып, тери өскөндө жана жараатты дарылаганда клеткалар кандай кыймылдаганына көзөмөл жүргүзсө да болот. Бул балык тууралуу алгачкы маалымат dev.biologist.org маалымат булагына жарыяланган.

  • Японияда «Кунг-фу панда» мультфильминдеги башкы каарманга окшош бамбук аюусу табылды. Ал да мультфильмдеги кунг-фу пандага окшоп карате боюнча бир топ ыкмаларды жасай алат. Ал Токио шаарындагы Уэно зоопаркында жашайт. Сүрөтчү Синго Накамура тарткан бамбук аюунун сүрөттөрү өткөн жумада бир топ чет элдик маалымат каражаттарына тараган. Аюунун аты Ри Ри.

  • 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча жашоо үчүн эӊ кымбат шаар статусун үчүнчү ирет Сингапур алды. Мындай жыйынтыкты британиялык «The Economist» басылмасы чыгарган. Рейтингге жалпы 133 шаар кирген. Экинчи орунда Цюрих (Швейцария), үчүнчү орунда Гонконг шаары турат. Алдыӊкы беш орунда Женева, Париж шаарлары бар.

    Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}