Улуу табылгам …

Япониядагы дагы бир улуу табылгам ата журтумдун кадырын чындап түшүнгөнүм болду. Жүрөгүмдөн: «Канча жерди араладым, теңештирбейм сага баарын», – деген ыр саптары чыккан жылдары да мекенимдин кадыр-касиетин мынчалык сезбегем. Көк мелжиген Ала-Тоом көздөн учту. Кыргыз тилинде кумар канганча сүйлөгөнгө зар болдум. Беш бармак менен чучуктун, казы менен картанын, кымыз менен жарманын, анан, Керим Турапов ырдагандай, апам жапкан нандын даамын сагындым. Өзүм байкабай жүргөн кыргыздын кең, топуктуу, берекелүү пейилине таазим этип, апамдын, аксакалдардын алакан жайган баталарына муктаж болдум. «Бөтөн жерде султан болгуча, өз жериңде ултан бол» деген кандай акылман сөз.

Мекендин касиети

«Кайдан келдиң?» – деп сурагандарга «Киргису» (Кыргызстан) деген мен үчүн ыйык сөздү ушунчалык сыймыктануу менен айтчумун. Атымды эстей албай калган айрымдар мени «Киргису но хито» (Кыргызстандык киши) деп аташчу. Ошондуктан билип-билбей Кыргыз деген атка зыяным тийип калбаса экен деп аярлаганымды айтпа. Ал жоопкерчилик окууда, жумушта, жеке мамилелерде тапшырмаларга жана убадаларга так болууга, адеп-ахлак ченемдерин аябай сактоого мажбурлады. Ата журттун шарапаты ушундай тура.

Мамлекети жок, эркиндик эңсеген чоң улуттардын айрым өкүлдөрү «Кайсы өлкөдөнсүң?» деген суроону укканда көзүн жалдыратып, мукактанып, жооп бере албай туруп калышчу. Ошолорду эстеген сайын, анча-мынча сыноолорду, кыйынчылыктарды баштан кечирип жатса да, чакан болсо да, Кыргызстан деген ӨЗ мекенибиздин жана ӨЗ жерибиздин бар экендиги үчүн Жаратканга шексиз шүгүр келтирем. Бактыбыз тоодой эл экенбиз. Ошол бактыбызды уруу-уруу, аймак-аймак жана улут-улут болуп бөлүнө берсек, сактай албай калабызбы деп санааркайм. Жараткан элибизге ынтымак жана ыйман берсе экен деп тилейм.

Кыргызстанга сагынычым ушунчалык эле, анын башка жакта жолуктургус керемет табиятын, ак элечек байбичелерин, салабаттуу аксакалдарын сүрөттөрдөн, телевизордон, интернеттен көргөндө кээде көзүмдөн жаш айланып кетчү. Чыңгыз Айтматов дүйнө салганын угуп көчөдө себелеген жамгыр алдында ыйлап баратканымды көрүп таңданган япондор КЫРГЫЗДАН айрылган КЫРГЫЗДЫН жан дүйнөсүн кайдан түшүнсүн. Жер силкинген Нура айылында ыйлап турган калпакчан кандаштарымды япон телеканалынан көргөндө, Бээжин Олимпиадасында байге уткан балбандарыбыздын урматына КЫРГЫЗ калпагы канчаны суктандырып, туубуз көккө желбирегенин интернеттен окуганда, көз жашымды кармай албадым. Көз жашын көрсөтүү жигит кишиге жарашпасын билем, бирок ата мекендин касиети ошончолук болсо, арга канча.

«Кыргыз, комуз жана калпак»

Ошол эле маалда кыргыз элин жана жерин таанытууга болгон ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаганга аракет кылдык. Ар кандай майрамдарга, жолугушууларга, кечелерге жана клубдарга комуз көтөрүп, калпак кийип барчубуз. «Программанын бир жерине кошуп койгула, кыргыздын комуз деген үч кылдуу улуттук музыкалык аспабын ойноп беребиз», – деп өзүбүз суранчубуз. Бир ирет чет элдик студенттердин чоң концерти тууралуу маалыматты өтө кеч угуп калдым. Катышуу үчүн кайрылуу убактысы эбак өтүп кетиптир. Япондор, демейде, эрежеге абдан так жана катаал. Андай учурда «мөөнөт өтүп кетти, катыша албайсыз го концертке» деп так-кесе эле айтып коюшат. Бирок миңдеген адамдар келе турган ал кечеде көп япондор уга да элек «Кыргызстан» деген өлкөдөн эч ким катышпай калса, өзүбүздү кечире алмак эмеспиз. Уюштуруучулардын бирөөсүнө жолугуп: «Кыргызстандан комузду ала келгем. Быйыл кайра өз өлкөмө кайтканы турам. Эгер азыр мүмкүнчүлүк болбосо, жылда бир гана жолу өтүүчү бул концертиңерге кийин катыша да албайм. Ойлонуп көрүп, мүмкүн болсо, программага киргизгиле. Комузду али билбейсиңер, күүсүн укканыңарда программага кошконуңарга ыраазы эле болосуңар», – деп ишенимдүү сүйлөдүм. Ал башка уюштуруучулар менен кеңешип келди да, өтүнүчүмө макул болду. Эрежеге ылайык келбесе да, менин суранычымды четке какпай, ал япондор анча-мынча адам ишене албай турган эле чечим кабыл алышты. Кыргызстанда болгондо андай концертке чакырса да бармак эмесмин. Өзүм же профессионал аткаруучу болбосом. Бирок «сурап ичкен – суу ичкен» дегенди түшүнсөм да, Японияда кичинекей, сулуу өлкөбүз тууралуу билгендер көбөйсө деген ниетте ушундай кадамга барууга туура келди. Кийинчерээк концертте «Маш ботойду» уккан япондор мага атайын жолугуп Кыргызстан, комуз жана калпак тууралуу сурап жатышты. Адатта, япондор уккан, көргөн жаңылыгын жайганга маш. Кээде мунусун жактыра бербесем да, ошол күнү «кыргыз, комуз, калпак» деген сөздөр башка япондорго да жетерин ойлоп курсант болуп турдум.

 

Нуржигит Кадырбеков (“Япон кереметинин сыры” китебинен)

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}