Улуулардан уккан сөз

Шамалдын сокконун сезген адам шамалга каршы дубал тоспостон, тегирмен курсун. Жашоодо бардык нерсени пайдаланууга үйрөнүү керек. (Моа Цзедун)Тагдыр жана мүнөз — бир эле нерсенин эки башка аталышы. (Л. Н. Толстой)

Ар бир адам — өз бактысынын устасы. (С. Иллюстий)

Бөлмөнү кооз гүлдөр көрктөндүргөндөй, учкул сөздөр жана таамай айтылган ой-пикирлер адамдын жан дүйнөсүн көркүнө чыгарат. (Капиев Э. М.)

Сиз принциптерге эмес, принциптер сизге баш ийиши керек. (М. Жванецкий)

Бизге кемчилигибизди бетке айткандарга ыраазы болушубуз керек, чынында… (Паскаль Блез)

Балдардын ата-энесине билдирген ыраазычылыгы — аларды ар дайым угуп, аларга тиешелүү сый-урмат көрсөтүүсү болуп эсептелет. (Екатерина Великая)

Эмгек менен коштолбогон талант фейерверк сыяктуу «жарк» деп көз ирмемге эч нерсени көргөзбөй калат да, андан кийин өчүп калат. (Гар Р. Мартен дю)

Реалдуулук — ага ишенбей койгондо да жок болбой турган нерсе (Филип К. Дик)

Ким өзүнөн качкан болсо… ал көпкө качышы керек… (Плавт)

Эң кыйын иш — өзүңдү таануу, эң оңой иш болсо — башкаларга акыл айтуу. (Фалес)

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}