Унутчаактыктан арылууну унутпаңыз

Унутчаактыктын эң негизги себеби – адамдардын маалымат майданында жашап жатканы. Татыктуу жашоо үчүн эс-тутумду жакшыртуу муктаждыгы барЭс-тутум бул биздин жашообузду калыптандыруучу эң маанилүү нерсе. Ал мээбизде үч кызмат аткарат: маалыматты кабыл алат, сактайт жана керек учурда кайра кайтарат. Бул үч функциянын толук аткарылышы үчүн эс-тутумду жакшыртуу муктаждыгы жаралат.

Азыркы убакта “Эске тутуум начарлап баратат” дегендерди көп угуп калдык. Анын эң биринчи себеби – электрондук маалыматтардын пайда болушу. Мисалы, студенттер, окуучулар сабакта берилген тапшырманы компьютерге көчүрүп коёт да, ошого ишенип жүрө берет. Ошондой эле эсеп чыгарууда да мээни иштетүүнүн кажети жок. Себеби телефондогу калькулятор бат эле эсептеп берет. Азыркы компьютер, телефондор адамдын мээси сыяктуу кабылданып калды.
Экинчи бир себеби – азыркы заманбап адамдардын маалымат майданында жашап жатканы. Тактап айтканда адамдын мээси бүгүнкүдөй көлөмдүү маалыматтарды сактаганга күчү жетпейт. Мээге канчалык көп маалымат жүктөгөн сайын ошончолук унутчаактык пайда болот.

Максатка ылайык эс-тутумду кыска мөөнөттүү (оперативдүү) жана узак мөөнөттүү (дайымкы) деп экиге бөлөбүз. Студенттер, окуучулар сынак учурунда көп маалымат жатташат да, сынак бүтөрү менен оперативдүү эс-тутумдан маалыматтар учуп кетет. Ал эми жакын адамдардын телефон номурларын жатка билүү – бул дайымкы эс-тутумдагы маалымат. Себеби анын өмүр бою керектелчү мааниси бар.

Эс-тутумду начарлаткан критерийлер:

• Уйку нормасынын бузулушу. Ашыкча да, аз да уктабаңыз. Эң аз 6, эң көп 8 сааттык уйку жетиштүү.

• Туура эмес тамактануу. Көрүнгөн нерсени жей бербеңиз. Көбүнчө жашылча жемиштерди жегенге аракет кылыңыз.

• Спирт ичимдиктери, тамеки ж.б. Эске тутууну начарлатуучу эң негизги критерий, жадакалса, өлүмгө чейин алып барат.

• Көрүү жана угуу органдарын туура эмес колдонуу. Кандай гана сайт, китеп, телевизор, кино, радио, музыка болбосун, пайдалуусун жана маанилүүсүн тандаңыз.

• Стресс, депрессия. Депрессияга кабылбоого, кабылсаңыз да батыраак арылууга аракет жасаңыз. Жүрөккө, ой-жүгүртүүгө, психологияга өтө зыян келерин унутпаңыз.

• Монотондуулук (окшош күндөр, күндө бир эле нерсени жасоо). Күндөрүңүздү ар түрдүү өткөрүңүз. Бир күндү бирге иштегендер менен, бир күндү досторуңуз менен, дагы бир күндү тууган-туушкандар менен өткөрүңүз. Оң колуңуз менен жазып жүрсөңүз, сол колуңуз менен жазып машыгыңыз. Бул мээге көнүгүү болот.

Эс-тутумду кантип жакшыртуу керек?
Эс-тутумду жакшыртууда төмөнкүлөр пайдалуу:

• Көңүл буруу. Ар бир кылган ишке маани берүү. Убагында жасоо, бир ишти бүтүрбөй, экинчисине өтпөө. Мээни ар кандай көйгөйлөр менен толтурбоо керек.

• Түшүнүү. Алып жаткан маалыматты ой-жүгүртүү менен эстеп калуу. Мисалы, бир окуучу мектепте мугалими математикадан иштеген мисалды көңүл коюп, түшүнүп алса, үйгө келгенде да өз алдынча мисалдарды иштей алат.

• Бөлүшүү. Окуган китепти анализдеп, ал эмне болгон чыгарма, эмнеге жазылды, эмнени айткысы келди, эмне үчүн бул теманы козгоду деп, кызыгуу менен окугандан кийин башкаларга сунуштаса жана сунуштап жатканда китеп тууралуу ой бөлүшсө, эс-тутумга өтө пайдалуу.

• Ыр жаттоо. Же кандайдыр бир нерсе жаттоо мээни тазалап, иштешин күчөтөт.

• Кайталоо. Окуганыңызды же жаттаган нерсеңизди үн чыгарып кайталап туруңуз.

• Бардык сезүү органдарын колдонуу. Мурун, кол, көз, кулак, тилди туура пайдаланыңыз.

• Эмоциянын күчүн колдонуу. Ыйлагыңыз келип турса, айланаңыздагыларга карабай ыйлап алыңыз. Ал эми күлкүңүз келген учурда да каалагандай күлө билиңиз. Ичиңизге көп сыр катпай, бир сырдаш (жансыз болсо да) таап алып айтып туруңуз. Жеңилдеп, бошоп каласыз. Мээңиз да тазаланат.

• Байкагычтыкты арттыруу. Канчалык көп адам менен таанышпаңыз, атын эстеп калганга аракет жасап, керек болсо атынын маанисин сурап, кызыктуу элестер менен байланыштырып эстеп калыңыз.

• Спорт менен алектенүү. Күнүгө көнүгүү жасап, же болбосо спорттун бир түрү менен алектениңиз.

• Жаңы нерселерди үйрөнүү. Башка тилдерди үйрөнүү

• Көп китеп окуу. Китептин баарын эле окуй бербеңиз. Анткени баарын окуганга адамдын өмүрү жетпейт. Ошондуктан бул жашоодо сизге эң зарыл жана пайдалуу болгондорун тандаңыз.

Эс-тутум рекорддору

Азыркы күндө эс-тутумду арттыруунун чеги жок экендигин тастыктаган юрист Самвел Гарибян болуп эсептелет. Ал Ростов университетинде студент болуп жүргөн кезинде ден-соолугуна байланыштуу врачтарга кайрылганда, врачтар жарым жыл бою окуганга жана жазганга тыюу салат. Ошондон кийин ал угуу жөндөмүн өстүрүүгө өтөт.

1990-жылы Гиннес китеби ага “Жер жүзүндөгү эң күчтүү эс-тутумга ээ адам” наамын берет. Самвел Гарибян он тилде сүйлөгөн, бири-бири менен байланышпаган 1000 (миң) сөздү бир эле жолу укканда эсине сактап, кайрадан айтып берген.

XVII кылымда Италиянын Флоренция шаарында туулган Антонио де Марко 81 жашта экенине карабай китептин бир бетин 2-3 секундда эле окуй алган. Анын бул жөндөмү өлгөнгө чейин уланган.

XIX кылымда жашаган Паул Чарлз Морфи шахмат боюнча өзгөчө ийгиликтерди жараткан. Ал көзүн таңдырып алып, бир эле учурда бир нече адам менен шахмат ойноого жөндөмдүү болгон. Бул киши төрт жүздөн ашуун маанилүү оюндарынын ар бир жүрүшүн акырына чейин акылында сактап калгандыгы менен да уникалдуу.

Дүйнөгө белгилүү дарыгер Ибн Сина эс-тутумду калыбына келтирүү менен бирге, жаштыкты сактап калуу үчүн балды сунуштаган. Күнүгө 1 чай кашык балды таза сууга аралаштырып ичип жүрүүнү адатка айлантыңыз.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}