Ушакчылар…

Эх, мынча майдаланып, майдаланып,
Билбеймин, токтойсуңар кайда барып?
А бүгүн не деп күбүң-шыбыңсыңар,
Тилдерди оңду-солду кайрап алып.

А балким – көйнөгүмдү каңкуулашып,
Каш-кирпик, көздөрүмдү талкуулашып,
“Ай ошол тим элечи…” – дешип мынча,
Ырахат бир-бирине тартуулашып…

Бир сөздү оң-тетири угуп алып,
Ушакты көкүрөккө жыйып алып.
Эс алып “өх!” деп жыргап каласыңар,
Мен кудум ыр жазгандай кынык алып.

Билсем да мени канча айтышканын,
Билмексен болуп бир да айтышпадым.
Өйдөтөн карап, бирок аяй берем:
Эх, десең, байкуштарым, байкуштарым…

Жыпар Исабаева

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}