Устатты сыйлоо

Устатты сыйлоо
Мугалимим бир күнү менден “Сен генеалогия боюнча илимиң жогору экен. Мага ал тууралуу бир китеп жазып келип берсең”, деп өтүндү. Ага ал каалагандай китеп түзүп чыктым да, анан аны ага алып бардым. Ал аны окуп чыгып, өзүнүн мамык төшөгүнөн турду да, жердеги таарга отурду, анан мага айтты: “Тиги мамык төшөккө отур!”. Мага бул сунуш албетте өтө ашыкчадай сезилди, мен каршы болдум.
Ал бир аз үнүнүн көтөрүп, мага карап:
— Мен отур деп жаткандан кийин отур! — деди. Ушунчалык сестенгенимден жана аны мугалимим катары сыйлаганымдан, ал айткандай тиги жердеги мамык төшөкө отургандан башка аргам калбады. Анан мен жазып келген китепти чогу изилдей баштадык. Менин маңдайыма отуруп алып, түшүнбөгөн жерлерин кайра сурап, китептин аягына чыкканча отурдук.
Изилдеп бүтүп, ал мага айтты: “Эми каалаган жериңе отура бер, чынында бул илимде сен менин мугалимимсиң. Мен андан пайда алып, сенден окуп үйрөнүп жатам, ал эми окуучуга өзүнүн устатынын алдында отурушу шарт!”- деди.
Анан мен ордуман туруп, ал өз ордуна отурду, ошондон кийин гана мен ал буга чейин отурган жерде отуруп, андан билим ала баштадым.
«Өтөөр дүйнө» китебинен

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}