Уулумдан үмүтүм чоң

Бир күнү кичинекей бала, Париж калаасындагы мечиттердин бирине кирип, алды жакта отурган имамга барып: “Апам мени сизге жиберди, сиз тарбиялаган өспүрүмдөр менен бирге менин да сизден таалим алышымды каалап жатат”,- дейт.-Апаң кайда? Сени окутардан мурда, апаңдан кээ бир жагдайларды тактап алуу керек.

Анда өспүрүм: “Апам сыртта…, ал бул жакка кире албайт…,апам мусулман эмес да…”

Салмактуу кадам шилтеген имам, мечиттин кире беришиндеги баланын апасын көздөй ашыкты…

-Эмне үчүн балаңыздын менден таалим алуусун каалап жатасыз?

-Менин кошунам бар-мусулман. Ал балдарын мектепке узатып жатканда балдары апасынын колунан өөп коштошот. Мен анын балдарынын апасына болгон урмат-сыйына ар дайым күбө болом. Ал үй бүлөнү дайыма бакыт байырлап турат!

Мырзам, мен бул шаарда көп жылдан бери жашайм, ушунча жылдан бери бир да мусулмандын өз ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткенин көргөн жокмун!…

Менин уулумду да тарбиялап акыл-кеңешиңизди айта жүрүңүзчү…, менин уулум да, сиздер өз ата-энеңиздерге кылган мамилени мага да кылса кылса деп тилейм, андан үмүтүм чоң!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}