Уйкум таттуу болсун десеңиз…

Кечке бут тарта албай иштесек да, кээде уктай албай кыйналабыз. Ак халатчандар буга көп факторлор таасир берет дешип, төмөнкүдөй кеңештерди беришет.1.Уктаарга жакын майлуу, күчтүү тамактардан качыңыз. Ашказанды жер-жемиш менен деле алдасаңыз болот.

2.Төшөк өтө жумшак болбошу шарт. Өтө катуусу да жарабайт. Жаздыкты бийик жаздануу моюн омурткалар үчүн зыян.

3.Ызы-чуу уйкуну бузуп, мээни эс алдырбайт. Эгер уктоочу бөлмө машине көп өткөн көчөгө же музыка жаңырганоюн-зоок жайларга жакын болсочу? Мындай учурда кулака кебез тыгып коюнун зыяны жок.

4.Мерчемдүү бир белгиленген убакта жатып жана ойгонууга аракет кылыңыз.

5.Кара күч жана акыл-эсти талап кылган жумуштар уктаарга 4-5 саат калганда токтотулушу абзел.

6.Уктаарга жакын күнүмдүк кылган ишиңизди анализдеп, жаман ойлорду өзүңүздөн оолак кууңуз.

7.Уйкусуздуктан жабыркагандар тамеки, алкоголь жана кофеден баш тартуусу керек. Жатар астында жылуу ваннага чайкануу же сүткө бал кошуп ичүүжакшыжардам берет.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}