Уюлдук телефондун тарыхы.

Мындан кырк жыл мурун алгачкы уюлдук телефондон чалуу аткарылган. Ал эми мындан 20 жыл илгери уюлдук телефонду тандалгандар жана жумушуна керек болгондор гана көтөргөн, жөнөкөй жарандар үчүн көпчүлүк үчүн жаңы ачылыш катары сезилчү. Ал эми азыр уюлдук телефону жок, жумуш бүтүрүүңүздү элестетүүгө мүмкүн эмес.

Уюлдук телефондун тарыхы.

Бирок уюлдук телефондун тарыхы 20-30 жыл мурун эмес 40 жыл мурун башталган. Аны Motorola компаниясынын инженери Мартин Купер ойлоп чыгып, 40 жыл мурун 3-апрелде 1973-жылы алгачкы чалууларын жасаган. Уюлдук телефондун узундугу 22см , заряддалган бир аккумулятору 35 мүнөткө жетчү. Ал эми кийин жакшыртылып отуруп 10 саатка чейин сүйлөшүүгө мумкүн болгон. Азыр дүйнөдө 7 миллиарддан ашык уюлдук телефон колдонулат. Дүйнөнүн жалпы калкынын 87 пайызы колдонот.

Кыргызстанда, Фейсбук социалдык тармагындагы “ Кыпкыргызча” тайпасынын катышуучулары уюлдук телефонду кыскартып, кыргызчалап уюкфон деп аташты.

Уюкфондун пайдасы жана зыяны

Уюлдук телефондун тарыхы.

Бүгүнкү күндө сегиздеги баладан, сексендеги чалга чейин көтөрүп жүргөн уюкфондун пайдасы менен зыяны жөнүндө маалыматыңыз барбы? Чынында ыңгайлуулугуна, зарыл жумуштарды дароо бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө көпчүлүгүбүз сүйүнүп, чөнтөк телефондун тийгизген зыяндарына кол шилтеп, көз жумуп келебиз.

Эң биринчи зыян компьютер, телевизорго салыштырмалуу уюлдук телефондон өзгөчө көп электромагнит чыккандыктан аны менен сүйлөшүп жатканда башты, көздү ысытып нерв системасына чоң зыянын тийгизет. Эгерде сиз уюкфон менен өтө көп, убактыңызды чектебей сүйлөшсөңүз иммунитетиңизге чоң коркунуч туулат.

1990-жылдары Американын окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, мээсине шишик пайда болуп өлгөн аялдардын өлүмүнө дал ушул уюкфон себеп болгон. Ал эми Норвегия менен Даниянын изилдөөлөрү уюлдук байланыш менен тыгыз мамиледе жүргөндөр баш оорусуна кабылып, уйкусу канбай, жиндери бат келээрин билдиришкен. Иштебей, жөн эле жаныңызда жаткан телефондун да зыяны бар.

Уюкфон жөнүндө кызыктар

Дүйнөдө

Уюлдук телефондун тарыхы.

Дүйнө жүзү боюнча 7,3 млрд телефон бар. Болжолдуу түрдө 100 адамга 158 телефон туура келет. Бир жылда 125 млн телефон таштандыга жөнөйт. Эскирип керектен чыккандыгы үчүн эмес, колдонуп жүргөн телефону канааттандырбай, адам баласы улам жаңы чыккан моделге кызыккандыктан телефондорду таштандыга ыргытат. Бул жагынан өзгөчө Корея эли активдүү келишет экен. Анткени телефондун улам жаңы чыккан моделин колдонушат.

Францияда катуу жаан жаап, чагылган түшүп жатканда, жашоочуларга уюкфон менен сүйлөшүүгө катуу тыюу салынган. Анткени электромагнит менен чагылгандын мамилеси тууралуу айтпаса да белгилүү. Швецияда кээ бир уюкфондордон адамдар аллергия болушат. Ушундай илдетке кабылгандарга мамлекеттик бюджеттен 250 миң доллар төлөнүп берилет. Ал акчаны алган Швециянын жараны борбордун четиндеги телефон тартпаган райондордун бирине көчүп кетүүгө акысы бар.

Кичи мамлекет Эстонияда шайлоо эми бюллетен менен эмес, уюкфондун жардамы менен өтөт. Тагыраак айтканда, эстониялыктар жактырган талапкерлерине үйдө отуруп эле СМС жөнөтсө болот.

Статистика боюнча кореялык өспүрүм телефондон бир жылда 20000 СМС жөнөтөт, бир күндө 60 СМС жөнөтөт.

Ал эми Англияда телефон аркылуу коркутуп-үркүткөн көрүнүштөр модага айлангандай эле. Япониялыктар ойлоп тапкан мобилдик телефондон китеп окуганга да болот. Тагыраак айтканда, азыркы заманбап уюкфондордон каалаган китебиңизди телефонуңузга жүктөп алып кайсы убакыт болбосун окуй аласыз.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}