Уюлдук телефонуңузду туура кубаттандырыңыз

Бүгүнкү күндө смартфонубуз байланыш каражатынын эле милдетин аткарбайт. Анын жардамы менен интернеттеги баракчаларыбызга кирип клип, видео көрүп, жаңылык окуп, оюн да ойнойбуз. Ошол учурда телефонубуздун кубаты түгөнүп калып маанайды түшүрөт. Көрсө, телефондун кубатынын бат түгөнүшү батарейкасына кылган туура эмес мамилебизден улам болот экен. Эмесе, анын себептерин билип алыңыз.

Смартфондун батарейкасы 100 пайыз болгончо кубаттоо

Көпчүлүк адамдар телефондун батарейкасы 100 пайыз толгончо күтүү керек деп ойлошот. Эксперттердин ою боюнча, батарейканын кубатын 30 пайыздан 80 пайызга чейин кармоо керек. Такыр өчүп калганча колдонуп же 100 пайыз толгончо сайып койгон туура эмес. Убагы менен кубаттап туруу шарт. Болбосо мындай адат батарейканын олтуруп калышына алып келет. Батарейканы текшерүү үчүн гана эки айда бир жолу телефонду 100 пайыз кубаттоо зарыл.

Батарейканын өтө ысып кетүүсүнө жол берүү

Смартфондун батарейкасы жогорку температурадан терс реакция пайда кылат. Оптималдуу температурасы 1ден 35 градуска чейин гана болуусу керек. Андыктан ысып кетүүсүнө жол бербеңиз.

Зымсыз кубаттагычты көп колдонуу

Зымсыз кубаттоочу каражат да батарейканы өтө ысытып бат жарактан чыгышына алып келет. Андыктан зарыл болгон учурда гана колдонуу туура.

Каптамасын чечпей кубаттоо

Эгерде кубаттоо учурунда смартфонуңуз ысып кетсе, анда ал сыртындагы каптамасынан. Анткени каптамадан аба өтпөй ысыкты ичине кармап, андан улам батарейканы да абдан ысытып жиберет.

Башка кубаттагыч менен кубаттоо

Бардык телефондордун өзүнүн кубаттагычы болот. Ошону гана пайдалануу шарт. Ал жарактан чыккан шартта дал өзүндөй оригиналын гана алып колдонуу керек. Оригинал эмес арзан кубаттагыч батарейканы иштен чыгарууга башкы себеп болот.

Эмнеге Андроид телефондордун кубаты бат түгөнөт?

1.Дисплейин 80-100 пайыз жарык кылып колдонуу. Бул кубаттын бат түгөнүүсүн шарттайт, андыктан жарыгын 50 пайыз гана кылып колдонгон туура.

2. Керек эмес учурда 3G, Wi-Fi, Bluetooth, GPRS/EDGE кызматтарына кошулуу. Буларды керектүү учурда гана туташтырып, андан кийин өчүрүп салуу менен телефондун кубатын максималдуу түрдө үнөмдөй аласыз.

3.Башка районго же шаарга барганда навигация абдан пайдалуу. Бирок GPS-модулду пайдаланып бүткөн соң дароо өчүрүп салбасаңыз, ал көйгөй жаратат.

4. Мобилдик ар кандай оюндарды жарым сааттан ашык убакыт ойноо телефондун аккумуляторун көпкө жашатпайт.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}