Вейкбординг

Вейкбординг же вейкборд сѳзүн англис тилинен которгондо( wake-катуу ылдамдыкта бараткан кеме же катердин артында пайда болгон суу толкуну,board-такта) дегенди түшүндүрѳт.Вейкбординг спорттун экстрималдык түрүнѳ кирет.Суу үстүндѳ толкун менен бирге жарышкан спорттун бул түрү суу лыжасы,сноуборд,сёрфинг,скейтке окшогон спорттун түрлѳрүнүн элементтерин ѳзүнѳ камтыйт.Азыркы учурда ѳнүгүп келе жаткан эс алуунун спорттун бир түрү.

Вейкбординг экиге бѳлүнѳт:вейкборд-катер,вейкборд-электротяга.Вейкборд-катерде спортсмен катердин аркасынан узун арканды кармап алып,катуу ылдамдык менен бараткан кайыктын аркасында пайда болгон толкундардын жардамы менен кѳз жоосун алган трюктарды аткарат.Вейкборд-электротяга же кабелдүү вейкборддо –суу үстүнѳ атайын электр канаткалары курулат.Электрдик канатканын жардамы менен спортсмен ылдамдыгын арттырып,түрдүү трюктарды аткара алат.

Вейкбординг

Азыркы учурда Европада кабелдүү вейкборд экологиялык жактан таза болгондугуна карап,жакшы ѳнүккѳн жана кеңири таралган.Ушул күндѳ Европа аймагында 100дѳн ашуун вейкпарктар курулган,ал эми Россияда болгону 5 вейкпарк болсо алардын дээрлик баары колго курулган электроканаткалардын жардамы менен иштейт.Атайын вейкборд үчүн курулган парктар,ѳндүрүштѳн чыккан атайын канаткалар орнотулган эмес.Вейкпарктарда трюктарды аткарууга ыңгайлуу болуш үчүн суу үстүнѳ трамплиндер,атайын фигуралар курулат,ал эми чоң деңиздерде,кѳлдѳрдѳ катердин аркасынан пайда болгон толкундар трамплиндин кызматын аткарат.

Вейкбординг

Швецариялык Radinin компаниясы сёрфинг жана вейкборд үчүн атайын Такталарды иштеп чыкты.Ал такталарга батереянын жардамы менен иштеген кыймылдаткыч орнотулуп,катердин жардамысыз эле ылдамдыкты камсыздап суу үстүндѳ түрдүү трюктарды аткарса болот.Тактанын салмагы болгону 29 кг,максималдуу ылдамдыгы саатына 49км,батареянын кубаттуулугу 30 мүнѳткѳ жетет.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}