Витамин жетишпестиктин дабасы

Азыркы учурда көптөгөн адамдардын организмине ар кандай витаминдер жетишсиз. Айрыкча жаз, кыш мезгилинде бизге керектүү витаминдер аз болот. Адам өзүн сүйүп, өзү менен дайыма баарлашып, өзүн сырттан карап туруш керек. Адамга витаминдер жетишпей жатса организм өзү эле белги берип, айтып берет. Эгер сиздин организмиңизде да төмөнкү белгилердин бири байкалып жаткан болсо, анда сиздин организмиңизге кайсы бир витамин жетишсиз. Төмөндө жазылган азык заттарды керектүү өлчөмдө, мезгили менен колдонсоңуз, баары жайында болот деп ишениңиз.1. 500 грамм жийдени 4 литр сууга жабык идиште 20 мүнөт кайнатып, 2 ай күнүнө 3 маал 40 граммдан ичсе бойдун өсүшүнө жардам берет.

2. Эгер инсан организминде А витамини азайып кетсе анын көрүүсү начарлайт. А витамини сабиз, помидор, коон, апельсин, сүт продукцияларында кездешет.

3. В1 витамини организмде жетишпесе адам унутчаак болуп калат. Мындан кутулуу үчүн көжө ашын, сулууну, арпа нанын, кой этин көбүрөөк колдонуш керек.

4. В2 витамини организмде азайса көзүнөн жаш агып, кан азаят. Алсыз болуп, оозу кургай берет. Мындай адамдар жумуртка, кой этин, быштакты көбүрөөк жеш керек.

5. В3 витамини азайып кетсе, жүрөк титирей турган болуп калат. Бул учурда боор, ак козу карын (боровик), буурчак, жаңгак, жумуртка жана төө буурчакты көбүрөөк жеш керек.

6. С витамини адам организми үчүн эң керектүү витамин. Бул витамин азайып кетсе, мүлк (десна) бошоп, муундар ооруй баштайт. Жаралар пайда болуп, тез чарчай турган болуп калат. С витамини картошка, капуста, болгар калемпири, кулпунай, лимон жана апельсинде көп болот.

7. Организминде Д витамини аз инсанды күн нуру тез күйгүзүп, чачтары түшө берет. Мындай учурда сүт, кычкылдыкты көбүрөөк пайдаланыш керек.

8. К витамини инсанда жетишпесе боор, ичеги, бөйрөк ооруларына чалдыгат. К витамини жетишпеген учурда балык, бөйрөк, пияз, капуста, коон, төө буурчак жана жашылчаларды көп колдонушу керек.

9. Н витамини жетишпеген адамда май бездери бузулат. Чач эрте агарып көп түшөт. Мунун дабаасы үчүн күрүч, жүгөрү, көжө, бөлкө нанды көбүрөөк жеш керек.

Жогорудагы витаминдер адамда аз болсо, ар түрдүү өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Тырмактар түшүп, бой жай өсүп, ар түрдүү жаралар денеге чыгышы мүмкүн. Мындай учурда жаңгак, күнкараманы көп колдонуш керек. Организмде бардык витаминдер өз ордунда болушу үчүн ар бир мезгилдеги жер-жемиштерди жетиштүү деңгээлде колдонуу керек. Ошондо гана өз организмиңизге саламат кам көргөн болосуз.

Талгат Мураталиев

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}