«Wordдо» иштөөнүн 10 купуясы

Бүгүн технология өнүккөн заман. Көпчүлүгүбүз компьютердин маңдайында отуруп иш бүтүрөбүз. Өзгөчө журналисттер «word» программасын көп колдонушат. Албетте, «word» пограммасын баарыбыз эле мыкты колдоно бербейбиз бирок, сиздин ишиңизди тездетүү үчүн булардын кереги тийиши мүмкүн. 1. Shift+Alt+D баскычтарын бирге бассаңыз, бүгүнкү күн коюлат(жыл, ай, күн форматында). Ошондой эле Shift+Alt+Т клавишасы аркылуу саатты койсоңуз болот.

2. Кээде клавиатура гана карап текст терип жатканда CAPS LOCK басылып калышы мүмкүн. Анан текстти кайра башынан терүүгө туура келет. Мындай учурда бүтүндөй текстти белгилеп алып, Shift+F3тү бассаңыз баардык баш тамгалар кичине тамгаларга алмашат.

3. Курсорду тездетүү. Адатта, курсорду багыттама(стрелка) аркылуу жылдырганда ар бир тамганын арасынан бирден өтөт. Ctrl клавишасын басып алып жылдырган учурда курсорду ылдамдатып жылдырууга мүмкүн.

4. Чоң тексттин арасынан бирден сөздү белгилеп көчүрүп алуу үчүн Ctrlди басып алып жылдырыңыз.

5. Ташымалдоону кошуу аркылуу тексттин окулуусун жакшыртууңуз мүмкүн жана сөздөрдүн арасындагы узак аралыктардан арыласыз. Ташымалдоону өзүңүз кошсоңуз да болот же компьютерге ишенип тапшырсаңыз да болот. Ал үчүн беттерди белгилөө («Разметка страницы»)- ташымалдоону жайгаштыруу («Расстановка переносов») буйругун териңиз.

6. «Word» программасында иштеп жатып, акыркы аткарылган буйрукту кайра кайталоо үчүн F4тү басыңыз. Мындай буйрукту текстти белгилөө, бир нече сапты өчүрүп салуу же стилди кайталап колдонуу болушу мүмкүн.

7. «Word» программасында сөзгө басым коюу аябай жеңил. Ал үчүн курсорду басым коюлуучу тамгадан кийин коюп Alt+769 комбинациясын басыңыз. Баса сандарды оң жактагы сандардан басышыңыз керек.

8. Бир барактан бир баракка тезирек өтүү үчүн төмөнкү баскычтарды басыңыз: Ctrl+ Alt + Page Down –кийинки бет, Ctrl+ Alt + Page Up – алдыңкы барак, Ctrl+Home –эң баштагы барак, Ctrl+End –акыркы баракка өттү.

9. Ctrl+Enter жаңы барак ачуу үчүн колдонулат.

10. Документке сыр сөз орнотуп сактагыңыз келсе , «файл» – документти коргоо («защита документа») бөлүмүнө өтүп, каалаган сыр сөзүңүздү орнотсоңуз болот.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}