Үй-бүлө ынтымагы кантип курулат?

Кай бир заманда баш кошуп бирге түтүн булатып жашаган жубайлар болуптур. Алар үй-бүлө курганына көп болсо да араларында тез-тез жаңжал чыгып турчу экен.Күйөөсү: “Бир сөздөн калсаң өлөсүңбү? Аялдай болуп баш ийсең боло”, десе, аялы: “Кечке чейин бир ооз жакшы сөз айтып көңүл көтөргөндөн убактыңды аяйсың”,-деп жооп кайтарат. Бул сыяктуу чыр-чатактарды көптөн бери угуп жүргөн коңшусу келип: Аркы өйүздөгү айылда даанышман аксакал бар. Ал силердин ортоңордогу маселени чечип берээрине ишенем дейт. Жубайлар ээрчишип, аксакалдын алдына барып арыз-муңун айтып беришет. Даанышман экөөнү эки башка бөлмөгө жайгаштырып: “Ушул кагазга бири-бириңердин кемчилигиңерди жазгыла”,-деп экөөнө экиден ак кагаз берет. Аялы бир жарым бет баракка жолдошунун кемчилигин жазып чыгат. Күйөөсү болсо эки бетти толтуруп, акылманга келип дагы кагаз сурайт. Ошондо даанышман: “Мен кагаз сурап келээриңди билгем. Аялыңдан ажырашууну каалайсыңбы же жарашуунубу?”,-деп сурайт. Тиги киши, ортобузда эки бала бар, ажыраша турган ниетим деле жок. Мага моюн сунуп жашаса эле болду деп жооп берет.

Аксакал: “Эркек адам эч качан аял кишиге теңелбеши керек. Эгер моюн сунуусун кааласаң өзүңдүн амалың менен бул абалды өзгөртүшүң керек. Мисалы, азыр экөөңө тең кагаз берсем ага теңелип сен да анын кемчилигин жазып жатасың. Колуңдагы кагазды жок кылып, мен чакырганда алдыма келгин. Мен уруксаат бергенге чейин сүйлөбөйсүң дейт.

Көп өтпөй даанышман жубайларды алдына чакырып, аялга жазгандарыңды оку деп ишарат кылат. Аял окуй баштайт: “Менин бар же жок экениме деле көңүл бурбайт, мага убактысын аз бөлөт, кеч келет, жакшы сөз сүйлөгөндөн жаны чыгат…”,-деп жазгандарынын баарын окуп бүтүрөт. Даанышман: Эми сен жазгандарыңды оку деп күйөөсүнө кайрылат. Тиги киши бош кагазды аксакалга узатат. Аялы күйөөсүнүн эч нерсе жазбаганын көрүп, анын кемчиликтерин жазып ката кылганын түшүнөт да көзүнөн жаш төгүлүп жолдошунан кечирим сурап алдына жыгылат. Жолдошу аялынын мындай ийилип кечирим сураганын көрбөгөндүктөн, ага мээрими төгүлүп, ошол жерден жарашышат. Даанышманга ыраазылыгын айтышып, үй-бүлө бактылуу өмүр сүрө баштаган экен.

Талгат Мураталиев

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}