Ырыскы

Бир кедей киши үй-бүлөсүн, байга жалданып иштеп бакчу экен. Жумушун калыстык менен абдан так аткарат. Күндөрдүн биринде ал жумушка келбей калат. Ошондо кожоюну өзүнө өзү: «Ал эмгек акым аз деп ишке келбей койбосун, анын айлыгын бир динарга көбөйтөйүн, ушуну каалагандыктан келген жок»,- деп ойлойт.Кийинки күнү кожоюн анын маянасын бир динарга көбөйтүп берет. Бирок, кызматкер эч кандай себебин сурабайт. Үн катпайт. Бир канча күн өткөндөн кийин кызматчы дагы келбей калат. Кожоюн катуу жинденип: «Өткөндө айлыкка кошкон бир динарды кайра азайтам»,- дейт. Кемиткенде да кызматкер үндөбөйт, мурунку калыбында иштей берет жана себебин сурабайт. Кожоюну таңыркап андан сурайт: «Маянаңды көбөйттүм себебин сураган жоксуң, кемитсем да эч нерсе деген жоксуң»?!

Кызматкер: «Биринчи келбей калганымда Кудай мага бир перзент насип кылган эле, ошондо маянамды көбөйткөнсүз. Мен ойлодум: «Бул баламдын ырыскысы өзү менен кошо келди». Экинчи ирет келбей калганымда болсо, апам көз жумган эле. Маянамды азайтканда: «Бул апакемдин ырыскысы эле өзү менен кошо кетти»,-деп ойлодум.

Чындыгында ар бир жан өз ырыскысы менен келип, өз ырыскысы менен кетет.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}