Ырыскы

Бир кедей киши үй-бүлөсүн, байга жалданып иштеп бакчу экен. Жумушун калыстык менен абдан так аткарат. Күндөрдүн биринде ал жумушка келбей калат. Ошондо кожоюну өзүнө өзү: \»Ал ишке келбей койбосун, анын айлыгын бир динарга көбөйтөйүн, ушуну каалагандыктан келбеди\»,-деп ойлойт. Кийинки күнү кожоюн анын маянасын бир динарга көбөйтүп берет. Бирок, кызматкер эч кандай себебин сурабайт. Бир канча күн өткөндөн кийин кызматчы дагы келбей калат. Кожоюн катуу жинденип: \»Өткөндө айлыкка кошкон бир динарды кайра азайтам\»,-дейт. Кемиткенде да кызматкер үндөбөйт жана себебин сурабайт. Кожоюну таңыркап андан сурайт: \»Маянаңды көбөйттүм себебин сурабадың, кемитсем да эч нерсе дебедиң\»?! Кызматкер: \»Биринчи келбегенимде Кудай мага бир перзент насип кылган эле, ошондо маянамды көбөйткөнсүз. Мен ойлодум: \»Бул баламдын ырыскысы өзү менен кошо келди\». Экинчи ирет келбегенимде болсо, апам көз жумган эле. Маянамды азайтканда: \»Бул апакемдин ырыскысы эле өзү менен кошо кетти\»,-дедим.Чындыгында ар бир жан ырыскысы менен төрөлөөрү талашсыз.

Талгат Мураталиев

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}