Ысымдарды кантип жаттап калууга болот?

Көпчүлүгүбүзгө бул жагымсыз окуялар белгилүүболушу керек.Кайсы бир таанышыбызга жолукканда, аны эстей албайбыз же андан да жаманы кимдир бирөө менен таанышып, арадан 5 мүнөт өтпөй ага кантип кайрылуубузду билбей калабыз. Балким досубуздун кечесинде, мүмкүн түшкү тамактанууларда жана ошондой эле жаңы жумушка киргенде кесиптештер арасында.Кантип адамдардын аттарын бат жаттап калууга болот? Бул үчүн төмөндөгү бир нече жол-жоболор сунушталган.
“Бүгүнкү психология”(Psychology Today) журналы тастыктагандай,эстеп калуу жөндөмү жаш өткөн сайын кыйындай берет.Көрсө,85% орто жаштагылар жана улгайып калгандар ысымдарды унутуп коюшат. Бирок бул дарт жаш өткөндө пайда болот деген түшүнүктү бербейт. Анткени ар бир адам унутчаактыкка кабылат.

Эмне үчүн аттарды унутабыз?

Бул көрүнүштү түшүндүрүп берүүгө болот. Качан гана адам бирөөнү биринчи жолу кезиктиргенде, көңүлүн башка факторлорго бурат. Тагыраак айтканда, жүзүнө, адамдын сырткы келбетине, үнүнө, сүйлөө манерасына, жест-мимикасына карайт. Маалыматтын көптүгү жана көңүлүнүн чачыранды болуусу, жанында турган адамдын атын эске тутуп калуусуна жолтоо болот.

Ысымды эстеп калуу маанилүү

Эгер адамдын көңүлүн бурууну кааласаңыз, биринчи эле анын атын атооңуз керек. Изидөөлөргө таянсак, адамдын аты аталганда, ал мээни активдештирет. Жада калса ызы-чуу болгон жерде да. Мына ошондуктан айрым лидерлер ысымга көбүрөөк басым жасайт жана аны көп колдонууга аракет кылышат. Мунун таасирин текшерип көрүү оңой эле. Ар бирибизди эстеп калып, атыбызды атап кайрылса, жагымдуу учурайт жана жакшы элес калтырат. Ал эми тескерисинче унутчаактык терс эмоцияларды пайда кылат. Адамдын атын атабай кайрылуу, албетте, оңтойсуз абалды жаратат.

Кантип аттарды эстеп калуу керек?

Эгер сиз да башкалар сыяктуу ушундай абалга туш болуп, унутчаак болуп бара жатсаңыз, кесипкөй психоаналитик жана спикер Кристи Хеджс, The Power Of Presence:Unlock Your Potencial to Influence and Engage Others (Бар болуу күчү: Башкаларды кызыктыруу жана таасирлентүү үчүн потенциалыңызды ойготуңуз) китебинин автору, бул кемчилдиктен биротоло арылуу үчүн тажрыйбадан өткөрүлгөн бир нече практикалык көнүгүүлөрдү жана кеңештерди сунуштайт.

Таанышкан адамыңыздын атын дароо кайталаңыз

Эгерде бирөөнүн атын угуп калсаңыз, жөн гана жооп бергенде башыңызды ийкебей, ага бир нерсини суроо үчүн анын атын атап кайрылыңыз. Мисалы: Эгерде жаңы таанышыңыздын аты Адилет болсо, анда:”Салам, Адилет, таанышканыма кубанычтамын”-деп айтсаңыз болот.
Баарлашуу учурунда таанышыңыздын атын бат-бат колдонуңуз, бирок чегинен ашырбаңыз.Ошондой эле коштошууда анын атын жана образын бирдей эстеп калуу үчүн жүзүнө карап атын атаңыз.

Атын жазып алыңыз

Эс тутум изилдөө тармагынын эксперти жана психиатр доктор Гари Смол жаңы таанышкан адамдын атын,айрыкча өзгөчө жана сейрек кездешүүчү аттарды жазып алууну сунуштайт. Эгерде сиздин визуалдык эс тутумуңуз жакшы өрчүсө, анда бул ыкма таасирдүү болот. Мындан сырткары, баарлашуу учурунда визит карточкасын сурап, атын окуңуз. Бул ыкма аркылуу сиз ысымын эсиңизде сактап каласыз жана таанышыңыздын визуалдуу элеси эсиңизде калат. Жолугушуудан кийин дароо анын атын, ал жөнүндөгү негизги маалыматтарды чөнтөк дептериңизге же кол телефонуңузга жазып алыңыз. Ошентип сиз эң башкы маалыматтарды сактап каласыз. Кийинки жолугушууңузда аты жөнүн оңой эле эстей аласыз. Өздүк маалымат менен бирге сырткы келбетинин өзгөчөлүгүн жана акыркы талкууңуздун темасын жазып алсаңыз да болот.

Салыштурууну колдонуңуз.

Көптөгөн эксперттер жаңы ысымды укканда сөздүк байланыш же болбосо ассоциация үчүн сүрөттөрдү элестетүүнү сунушташат. Бул ал адам жөнүндөгү сиз билген ар кандай факт болушу мүмкүн. Анын кызыгуулары, иш сферасы, жашаган жери ж.б. Вивиан Жанг бул кеңешти Дейл Карнегинин китебинен үйгөнүн мисал келтирет. Адам атына окшоп туюлган сүрөттөрдү элестетиңиз жана ал жөнүндөгү билген фактыларыңыз менен айкалыштырыңыз. Эгерде анын аты Жамийла болсо, дароо Ч.Айтматовдун “Жамийла” повестинин башкы каармыны Жамийланын образын эске түшүрүңүз ж.б.

Көңүл буруңуз

Эс тутум изилдөө тармагындагы көптөгөн эксперттер жана психологдордун айтымына караганда, унутчаактыктын эң башкы себеби көңүл бөлбөгөндүк же бир нече көз ирмемден кийин көңүлдүн айланадагы башка нерселерге бөлүнүп кетиши. Мындай абалга биринчи орунда дүйнөдөгү адамдар менен бат тил табыша билген Кейт Феррацци төмөндөгүдөй кеңеш берет: \»Эгерде сиз адамдарга көңүл бурууну каалап, анын атын эстеп калууну чечсеңиз, анда сиз муну кунт коюу аркылуу мындан да жакшы аткара аласыз…\»

Гүлзирек Усенова

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}