Заңгыраган чоң үй

Кайсы бир заманда атагы аалам кезген, акылман аалым адам жашаган экен. Анын үйү жанындагы кошуналарынын үйлөрүнөн айырмаланып, заңгырап турчу.Күндөрдүн биринде бир киши келип ага:

– Сиз чоң аалымсыз. Анан кантип бул дүйнөнүн кызыкчылыктарына берилесиз? – деди. Ал киши өзүнүн жаман оюнда «аалым дегениң өздөрү айткан бул жалган дүйнөнүн кызыкчылыктарына берилбеши керек. Бул адам болсо, заңгыраган чоң үй салып алыптыр. Ошон үчүн ага ыңгайсыз суроо узатайынчы, кантип жооп бе-рээр экен?» – деген ойдо болчу. Акылман ага жөн гана минтип жооп берди:

– Мен үйүмдү башкалардыкына караганда чоңураак, заңгыратып салдыртканымдын төркүнү мындай: Калаага келген кедей-жакырлар шаарга кирбей жатып менин үйүмдү көрсүн жана менин үй-бүлөмдү баарынан бай экен деп ойлоп, түз эле менин үйүмө конокко келсин, — деп үйүмдү ушинтип салдырткам.

Өзү эч ойлобогон мындай жоопту угары менен береги собол узаткан адам Акылманга таазим кылып, анын чындап улуу адам экендигине дагы бир жолу ынанды да, дароо ага шакирт болду.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}