Жалган-бул вирус

Жалган сүйлөө, калп айтуу-чындыкты төгүнгө чыгаруу менен бирге анын карама-каршысында турган этиш сөз болуп эсептелет.Чындыкка ылайык келбеген сөз жана туура эмес берилген, бурмаланган маалымат-жалган, өтүрүк, калп деп аталат.
Ал эми буларды жүзөгө ашырган адам-жалганчы, калпычы, алдамчы болот.
Жогорудагы айтылган жаман иштер сөз, ой, жасалып жаткан иш жана кыймыл-аракет менен ишке ашат.
Адам баласы калп айтып, аны мойнуна алгысы келбесе, мурунку жалганын чындыкка айлантыш үчүн дагы калп сүйлөйт, кудум чынжыр сыяктуу, биринчи жалган кеп кийинкилерин ээрчитип келе берет.

Жалганчылык жүрөктү карартат

Адам баласы калп айткан кезде анысына алгач өкүнүп ыңгайсыз абалда болот. Ал мына ушул өкүнүч менен жалганчылыктан толук арылып кете алат. Ал эми ага чын жүрөктөн өкүнбөй, дагы деле калп айта берүүгө ниети болсо, жүрөк толугу менен карарат. Бул учурда ал үчүн жалган айтуу кадыресе адатка айланып калат. Ошондой эле ал өкүнүү, кайгыруу, ыңгайсыз болуу сыяктуу абалдардан алыстап калат. Бул тууралуу пайгамбарыбыз хадисинде айткан:

«Пенде дайыма калп айтып, ниетин оңдобосо жүрөгүндө алгач кара так пайда болот. Убакыттын өтүшү менен бул так чоңоюп отуруп көөдөй капкара абалга келет. Андай адамдарды башка адамдар да жалганчы деп атай башташат.

Жалганчылык жеке адам үчүн да, жалпы коом үчүн да чоң коркунуч!

Жалганчылык үстүртөн караганда жеке адамга гана тиешелүү күнөө сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок, бир адамдын калп айтуусу менен көп адам жабыр тартат. Бул өңүтүнөн алып караганда, анын жеке адамга гана тиешелүү күнөө болбогондугу өзүнөн өзү ачыкка чыгат. Ал эми кандайдыр бир жалган сөз жалпы коомчулукка таңууланса, анда анын күнөөсү ого бетер оор болот. Анткени бул учурда коомдогу ар бир адамдын укугу тепселген болот.

Жалганчылык — уулуу урук!

Жалганчылык бул — өтө уулуу урук. Ал адамдын рухунан өсүп — өнүп чыккан кезде ал адам коомчулукка пайдалуу эмес, зыяндуу адамга айланат. Мындай адамдар көбөйгөн коомчулук чоң коркунучту көздөй бет алган болот.

«Жалганчылык көбөйгөн кезде чындыктын тили үзүлөт»

«Алдамчылык, амалкөйлүк, шылуундук, уурулук, жалган жалаа күч алган өлкөлөрдүн келечеги туңгуюк! Мындай өлкөлөрдүн эли кедей, аскерлери төңкөрүшчүл…»

Жалган ,калп, төгүн, өтүрүк– бары бир маанини түшүндүргөн сөздөр. Бул сөздөрдү кыймыл-аракет же ой аркылуу колдонуу менен адам баласы өзүн чыныгы достон, түбөлүктүү акыйкаттан алыстатат. Жалган менен чыныгы бакытка жетүү эч качан мүмкүн эмес. Ошондуктан инсан чыныгы бакытка жетишүүсү үчүн чындык үчүн талбай күрөшүп, жашоодо ар дайым өзүн туура алып жүрүүсү керектелет.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}