Жалкоо жаздык

Кичинекей Яринка күн сайын таң заарда туруусу керек. Болбосо балдар бакчасынан кеч калат. Ал болсо таңкы таттуу уйкусун такыр бузгусу келбейт.Яринка кечинде чоң атасынын жанына келип:

— Эмне үчүн мен эрте менен эч ойгоно албайм?-деп сурады.

-Мунун себеби сенин жаздыгың аябай жалкоо. Ошондуктан эрте менен тургуң келбей калганда, аны ал да, сыртка таза абага алып чык. Жакшылап колдоруң менен кагып, силкип кой. Ошондо жаздыгың жалкоо болбой калат,-деди чоң атасы ага акырын гана.

Экинчи күнү эрте менен Яринка дагы деле тургусу келбей жатты. Бирок, жаздыкчаны жалкоолуктан арылтуу керек да.

Ушул ой ага тынчтык бербеди. Яринка ордунан ыргып турду да кийимин кийди. Колуна жаздыгын кармап короого чыкты.

Олтургучка койду да, колдору менен катуу кагып-силкти. Кайра үйгө кирип, жаздыгын керебетке таштады да, бети-колун жууганы жөнөдү.
Сыртта мышык мыёлойт, терезени мелүүн шамал черткилейт. Чоң ата болсо мыйыгынан жылмаят.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}