Жаман жолдош

Эки дос маектешип, токой аралап келе жаткан эле. Сөзгө алаксыган экөө кужулдашып келе жатса астынан аю чыгыптыр. Бул эки достун бирөө алсыз, бир аз сыркоологон адам экен, экинчиси күчү-кубаты билегине толгон жигит эле. Астыларынан аю чыкканына аң-таң болгон эки достун алдуусу артын карабай качып обочорокто турган бакка чыга качат. Экинчиси качайын десе дарманы жок, алайып эмне кыларын билбей, сулк жыгылып өлгөн киши сымал демин ичине катып жатып калат. Аю өлгөн адамга тийбейт укканы бар эле. Ал аңгыча аю баягы адамга жакындан ары айланып, бери айланыа жыттап-жыттап дем албаган соң бурулуп басып кетет. Аю ары бурулушу менен бактан секирип түшүп, досуна чуркап келген баягы адам:-Досум, аю кулагыңа эмне шыбырап кетти? дейт имиш.

-Аю кулагыма акыл шыбырады, экинчи тар жол,тайгак кечүүдө досун таштай качкандар менен жолдош болбо деди,-деген эке-ен.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}